Акыркы макалалар

Стамбул шаарында кыргыздар калпак күнүн белгилешти

Стамбул шаарында кыргыздар калпак күнүн белгилешти

Түркиянын Стамбул шаарында жашап жатышкан кыргызстандык студенттер, мигранттар жана ишкерлер шаардын тарыхый аймагы Таксимде калпак кийип жөө жүрүш жасашты. Чогулган жоон топ тарыхый Истиклал көчөсү менен жөө басып баратып, жергиликтүү тургундарга жана шаардын туристтерине кыргыз калпагы тууралуу түшүндүрмөлөрдү беришти.

Мындан тышкары алар жергиликтүү мэриянын өкүлдөрүнө калпак белек кылышты.

Түркиянын миграция департаментинин маалыматы боюнча өлкөдө 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын үч миңге жакыны студенттер.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...