Акыркы макалалар

Жаштар студиясы

Жаштар студиясы

Жакында Нарын шаарындагы жаштар ордосунда жаштардын заманбап теле ток шоу студиясы жана «Жаштар тартуулайт» ток шоу, «Бурч» көңүл ачуучу программаларынын ачылыш аземи болду.

Жаштардын демилгеси жана Германиялык эл аралык техникалык кызматташуу уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасынын материалдык колдоосу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Нарын облустук телерадио компаниясынын өнөктөштүгү менен жүзөгө ашкан бул аракет жаштардын келечеги үчүн түзүлгөн жакшы саамалык болуп калды.

Нарын облустук Жаштар ордосунун жетекчиси Бакыт Эгембердиевдин айтымында, студияны ачууга жаштар ордосунан орун берилип, Герман эл аралык техникалык кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасынын көмөгү менен 1 миллион 200 миң сомдук техникалык жабдуулар алынган. Мындан ары жума сайын негизги өнөктөш болгон Нарын облустук телерадио компаниясынын эфири аркылуу «Жаштар тартуулайт» ток шоу программасынын алкагында жаштардын көйгөйлөрү талкууланып турмакчы.

Жаштар студиясынын алып баруучусу, долбоордун демилгечилеринин бири Токтосун Шамбетов билдиргендей, эми жумасына бир жолу «Бурч» көңүл ачуучу программасы да тартууланат. Мында студияга белгилүү адамдар чакырылып, көрсөтүүнүн мейманына эки алып баруучу тарабынан көйгөйлүү жана тамашалуу суроолор берилип, анын тапкычтыгы, сабырдуулугу, абалдан чыгып кете ала турган жөндөмү текшерилет.

Жаштар студиясынын тасма кесүү аземине катышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов: «-Урматтуу жаштар, бүгүн улуу тоонун арасында жакшынакай саамалык болуп отурат. Бул биздин келечегибиз үчүн жасалган иш деп ойлойм. Анткени ар бир мамлекеттин келечеги жаштарга кандай кам көргөнүнө байланыштуу. Жаштар ушул жерден өздөрүнө керектүү нерсени туура пайдаланып, тарбия алып, мамлекетибиздин жаркын келечегин түптөөгө салымдарын кошот деген үмүттөбүз»,-деди. Ошондой эле дорбоорду ишке ашырууга көмөктөшкөн жергиликтүү бийликке, Герман эл аралык техникалык кызматташтык уюмуна терең ыраазылык билдирди.

Ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова, Герман эл аралык кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасынын жетекчиси Даша Кун айым, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Нарын облустук телерадио компаниясынын директору Бейшенбек Калыков жана башкалар бул жайдын канчалык деңгээлде маанилүү экенин белгилеп, акжолтой болуусун тилек кылышты.

Ошентип жаштар студиясынын кызыл тасмасы кесилип, «Жаштар тартуулайт» ток шоусунун алгачкы берүүсү тартылды. Ушул эле күнү «Бурч» көңүл ачуучу программасы тасмага түшүрүлүп, анын алгачкы мейманы Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов болду.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...