Акыркы макалалар

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун экс-директору кармалды

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун экс-директору кармалды

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы директору Руслан Элебесов кармалганын “Азаттык” радиосуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу”) боюнча айыпталууда. Баш короо чарасы каралып, камалды.

Элебесов фондду 2014-2016-жылдары жетектеп турган.

Өнүктүрүү фонду 2007-жылы түзүлгөн. Буга чейин 2016-жылы Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каражатынын мыйзамсыз пайдаланышы боюнча кылмыш ишин козгогон.

2015-жылы аталган фонддун жооптуу кызматкерлери аймактагы бала бакча, мектеп, оорукана өңдүү социалдык объекттерди оңдоодон акча өөнөп жүргөнү аныкталганын Башкы көзөмөл орган билдирип чыккан. Бул факт боюнча 30га жакын адамга айып тагылган.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна "Кумтөр" ишканасынын кирешесинин бир пайызы түшүп турат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...