Акыркы макалалар

Депутат: Сүйүнчү пул алууда коррупциялык көрүнүштөр орун алууда

Депутат: Сүйүнчү пул алууда коррупциялык көрүнүштөр орун алууда

Депутат Аида Касымалиева сүйүнчү пул берүүдө ата-энелерден пара талап кылынып жатканын айтып чыкты. Эл өкүлүнүн пикиринде буга чейин ымыркайларга төлөнүүчү сүйүнчү акча боюнча арыздар электрондук вариантка өтөөрү маалымдалып, төлөө шарты жөнөкөйлөшө тургандыгы айтылган. Бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалган жок.

“Мага ата-энелер чалып жатат. 4 миң сом алуу үчүн бир топ жерге кайрылууга аргасыз болушканын, алардан 500 сом, күбөлүк үчүн 100 сом талап кылып жатышканын айтышты. Ата-энелер арызды жазуу түрүндө тапшырышууда«, — деди депутат.

Касымалиева 15-февралга карата 327 үй бүлө сүйүнчү пул алгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, жөлөк пул алуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин паспорту жана жашаган жеринен маалым кат талап кылынат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...