Акыркы макалалар

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орозбеков жана Можайский көчөлөрүнүн кесилишинде 2 соода түйүнү, 2 павильон жана 5 контейнер алынган.

Шаардык кызмат тарабынан кожоюндарына ээленген жер тилкелеринин документтерин көрсөтүү тууралуу билдирүү берилген.

Бирок ээлери бул билдирүүлөрдү эске албай коюшкан. Буга байланыштуу мажбурлап түртүрүү жүргүзүлдү.

Бул чаралар КРнын өз билемдик менен жер тилкелерин ээлөө жана курулуш объекттерин салуу боюнча мыйзамын бузууга жол бербөө максатында өткөрүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...