Акыркы макалалар

"Иштамберди" кенин жергиликтүү тургундар тоноп жатабы? Милициянын жообу

"Иштамберди" кенин жергиликтүү тургундар тоноп жатабы? Милициянын жообу

Ала-Бука районундагы Өрүктү айылындагы "Иштамберди" алтын кенинде башаламандык жок экенин Жалал-Абад ОИИББден маалымдашты.

Бир катар ЖМКлар бир жумадан бери "Фулд-Голд майнинг" компаниясы иштетип жаткан "Иштамберди" алтын кенин жергиликтүүлөр тоноп жатканын жазышкан. Башаламандык 19-февралда башталып, кендин аймагына 70-80 киши унаалары менен кирип келгени айтылган.

"Бул маалымат чындыкка коошпойт. 20-февралга караган түнү "Фулд-Голд майнинг" ишканасы иштетип жаткан алтын кендин аймагына Кызыл-Токой айылынын 50-60ка жакын тургуну кирип келип, кенди чыгарып кетүүгө аракет жасашкан. 21-февралда компаниянын генералдык директору укук коргоо органдарына кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган", — деп милициядан билдиришти.

Учурда аталган аймакта абал тынч. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Кызыл-Токой айылынын бир нече тургундары кармалган. Алардын унаалары айып короого токтотулду.

Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай кендин аймагы Ала-Бука райондук ИИББдин көзөмөлүндө турат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...