Акыркы макалалар

Депутаттын атасы: Уулум Кыргызстандын жараны

Депутаттын атасы: Уулум Кыргызстандын жараны

Расмий Астана Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин, Жамбыл облусунда туулуп-өскөнүн билдирген. Бирок депутаттын атасы өзү да, атадары да көлдүк экенин айтып, уулун казак жараны деген маалыматтарды четке какты.

Дамирбек Асылбек уулу өзү ким, ал жөнүндө жердештери, жакындары эмне дейт? Бала чагы кайда өткөн?

Дамирбек Асылбек уулунун атасы Асылбек Супатаевдин айтымында, уулу чоң энесинин колунда тарбияланган:

- Мен тарбиялаган жокмун. Энем тарбиялады. Мен дайыма: "Уулум кандай, окуп жатабы, жакшы эле жүрөбү?" деп сурап турчумун. Бул жерде 8-класска чейин окуду да, анан Бишкекке кетти.

Асылбек аксакалдын айтымында, борборго барган соң уулу чоң спорттун жолуна түшкөн. Мектепти бүтүп, армияга барып келген соң кайрадан спорт менен алектенип, бир топ мелдештерге катышкан. Ал баласы кийин машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөнүн да айтып өттү.

Асылбек аксакал уулунун азан чакырып коюлган аты Динарбек экенин, аты-жөнүн өзгөртүп алганына өзү таң калганын кошумчалады:

- Аты Динарбек эле болчу. Бир жолу: "Сен кайдан жүрүп Дамирбексиң, атыңды энем Динарбек деп койбоду беле?" десем: "Ата, ага кайгырбай эле кой, атты эми коё берет да" деп койду. Фамилиясы кичинесинде Супатаев эле болчу.

Дамирбек беш бир туугандын экинчиси, жалгыз уул. Атасынын айтымында, ал Каракол шаарындагы №14 мектепте 8-класска чейин окуган.

Эл өкүлүнүн ата-энеси уулунун кармалышы алар үчүн катуу сокку болгонун билдиришти. "Эгер мүмкүнчүлүк беришсе жолугуп келет элем" дейт атасы.

Асылбек Супатаев уулунун кармалышын ага болгон жалаа жабуу же кимдир бирөөнүн өч алуусу деп болжойт. Ал эми уулунун коңшу өлкөнүн жараны деген маалымат тууралуу кепке мындай деди:

- "Казак жараны" дегени - ал калп. Кыргызстанда төрөлсө, Кыргызстандын жараны да. Казакстанда төрөлбөсө, мен ал жакта жашабасам... Казактардын четин басып барбасам... Кандайча казак болот?

Учурда Асылбек аксакал байбичеси жана кичүү майып кызы үчөө Каракол шаарындагы кабат үйлөрдүн биринде турат.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу өзү үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы.

Аткезчиликке байланыштуу айыпталып, Казакстанда камакка алынган Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу Казакстандын расмий органдары билдирген.

Эл аралык “Казинформ” маалымат агенттиги менен болгон маегинде Казакстандын ИИМинин өкүлү Алмас Садубаев Асылбек уулу туулгандан баштап эле Казакстандын жараны экенин ырастаган.

“Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунун тургуну болуп саналат, улуту казак. Ошол жерде чоңоюп, бой жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде Казакстандын жарандыгын тастыктаган документти – паспортту алган”, деп жазган Садубаевдин комментарийин маалымат агенттиги.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу паспортунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Казакстандын паспортун 2010-жылы экинчи жолу алган. Садубаев ошондой эле Асылбек уулу жарандыктан чыгуу тууралуу эч качан арыз жазбаганын белгилейт. ИИМдин өкүлү учурда факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын да кошумчалаган.

Дамирбек Асылбек уулу буга чейин аты-жөнүнөн тышкары, жаш курагын да өзгөрткөнү туурасында маалыматтар чыккан.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөлөрүнө таянып, Асылбек уулу бир мезгилде “1979-жылы туулган Динарбек Супатаев” деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнүн жазып чыкты.

Ачык булактарга таянган Байсаловдун маалыматында, Дамир Асылбек уулу 1997-жылы кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн аты-жөнүн жана жаш курагын эки жашка төмөндөтүп, жаңы паспорт алышы мүмкүн:

- Биздин иликтөө боюнча, ал спорттукишмердиктен улам фамилиясын өзгөрткөн болушу мүмкүн. 1979-жылы туулса, 1996-жылы 16 жаштагы улан катары Югославиядаөткөн дүйнөлүк чемпионатка катышканэкен. Ал жактан Кыргызстан үчүн коломедал жеңип келген экен. Аны спортчөйрөсүндөгүлөр “Супатаев Динарбек” дегенысым менен таанышаарын айтышты. Экинчи жагынан, 2001-2004-жылдары Казакстандын атынан эл аралыкмелдештерге катышканы Интернеттеги маалыматтар базасында жүрөт. Албетте, Казакстандын атынан эл аралык чемпионаттарга катышуу үчүн сөзсүзтүрдө казак жарандыгын алышы керек болчу. Демек, 2000-жылдардынбашында, ошол өлкөнүн жарандыгын, казакча айтканда, “азаматтыгын”алышы мүмкүн.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны - Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...