Акыркы макалалар

Кыргызстанда сатылган кийимдерден формальдегид заты табылган жок

Кыргызстанда сатылган кийимдерден формальдегид заты табылган жок

Кыргызстанда 2017-жылы текстиль өңдүрүш өнүмдөрү формальдегид, бензол жана толуол уулуу заттарына текшерилген. Бирок 95 изилдөөдө кездемелер, кийим-кечек, анын ичинде балдар кийимдери таза чыккан. Бул тууралуу 25-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, министрликтин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин токсикологдору жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында уулуу заттардын ченемден ашыкча үлүшү аныкталган эмес.

Ал эми 2018-жылдын башынан бери 10 изилдөө жүргүзүлгөн, анда формальдегид затынын үлүшү белгеленген ченемден ашпаганы аныкталган.

Казакстандын Караганды шаарында балдар кийимдеринде формальдегид табылган факт боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда сатылган кийимдерди жана өндүрүүчүлөрдү дагы бир жолу лабораториялык изилдөөдөн өткөрөт. Ал эми уулуу зат табылган кийимдер боюнча, алгач ал кийимдерди экспорттоочуну аныктоо зарыл. Себеби Кыргызстандын рыногунда ата мекендик товарлардан тышкары чет өлкө товарлары дагы абдан көп. Уулуу зат табылган фактыга атаандаштык күрөштөн, санитардык ченемдерди жана эрежелерди бузууга чейинки себептер болушу мүмкүндүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилейт.

Эске салсак, дүйнө боюнча текстиль өндүрүшүндө аппреттер курамына кирген формальдегид заты кездемелерге өңү өчпөөсү жана формасын сактоосу үчүн колдонулат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...