Акыркы макалалар

Бишкекти биргелешип жакшырталы! Смартфондун жаңы тиркемеси чыгат

Бишкекти биргелешип жакшырталы! Смартфондун жаңы тиркемеси чыгат

Тиркеме азырынча жалпы коомчулукка жарыя болот элек, азырынча жабык тартипте сыноодон өтүп жатат.

Активисттер шаардыктар менен калаадагы кызматтардын өз ара иштешин жакшыртуу максатында Bishkek 312 деп аталган тиркемени иштеп чыкты. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясы Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Тиркеме азыр жабык тартипте сыноодон өтүп жатат. Мэриядан анын иштешине сунуш, пикирлер, сындар айтылгандан соң иштелип чыгып, анан расмий түрдө коомчулукка жарыя кылынарын кабарлаган.

Бул долбоордун ишке ашуусуна Бишкек шаарынын мэриясы да кызыкдар болуп жаткандыгы да жазылган.

Тиркемеде кайсыл жерден даамдуу тамактанууга болору айтылган. Андан сырткары шаардагы таштандылар, суу, жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маселелер жаатында жалгыздап, же тайпага чогулуп алып сунуш киргизүү мүмкүнчүлүгү да маалымдалган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...