Акыркы макалалар

Мушкер Тилек Машрапов чемпиондук кур үчүн Америкада күчүн сынайт

Мушкер Тилек Машрапов чемпиондук кур үчүн Америкада күчүн сынайт

Аралаш мушташ боюнча беттеш 24-мартта Колорадо штанынын Денвер шаарында өтөт. Анда Машраповдун атаандашы жергиликтүү мушкер Энтони Адамсон болмокчу.

Кыргызстандык мушкер Тилек Машрапов америкалык "Sparta Combat League" эл аралык турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу тарбияланган "Жаш күч" клубунун президенти Айбек Мусаев тастыктады.

Аралаш мушташ боюнча беттеш 24-мартта Колорадо штанынын Денвер шаарында өтөт. Анда Машраповдун атаандашы жергиликтүү мушкер Энтони Адамсон болмокчу.

Тилек Машрапов 2014-жылдан бери профессионалдар арасында беттешип келет. "Жаш күч" спорт клубунун тарбиялануучусу, устаты — Айбек Мусаев. 2015-жылы ММА боюнча дүйнө чемпиону аталган. Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 8-2-0 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу — ред).

Спортчу буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, өзү жөнүнө айтып берген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...