Акыркы макалалар

Анкарада кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Анкарада кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз күрөшү боюнча экинчи Ачык биринчилик өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу Данияр Онобасов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеште 8 салмак ченинде медалдар ойнотулмакчы.

«Азыркы тапта 200дөн ашуун спортчу катышууга билдирүү жиберишкен. Бул мелдеште Иран, Ирак, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркия жана Кыргыз өлкөлөрүнүн балбандары катышат. Ал эми мелдештин негизги максаты — чет жердеги Кыргыз жарандарын ынтымакка чакыруу болуп саналат. Бул мелдеш менен Анкарадагы мекендештерибиздин башын бириктирип, ынтымакка чакырабыз», — дейт Онобасов.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...