Акыркы макалалар

Өкмөт лизингдин баштапкы баасын төмөндөтүүнү көздөөдө

Өкмөт лизингдин баштапкы баасын төмөндөтүүнү көздөөдө

Кыргыз өкмөтү лизингдин баштапкы баасын төмөндөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фермерлерге айыл чарба техникаларын алуучу каржынын жетишсиздигинен улам лизингден башка жол жок. Дыйкандар техниканы алуудан мурда баштапкы баасынын 30 пайызын төлөөгө тийиш. Бирок көпчүлүктө жетиштүү каражат жок болгондуктан, баштапкы баасын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок.

Ошондуктан аталган ведомство лизингге берилүүчү техникалардын баштапкы баасынын механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгилейт. Ал үчүн кепилдик фонддун каражаты аркылуу лизинге берилүүчү техникалардын баштапкы баасынын төлөөнүн суммасын 7-10 пайызга түшүрүү керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...