Акыркы макалалар

Кыргызстанда бир жылда эшектин саны 10 миң башка азайган

Кыргызстанда бир жылда эшектин саны 10 миң башка азайган

2017-жылы Кыргызстанда эшектин саны 10 миң башка азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Мекеменин кызматкерлери айыл-чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге малды жана үй канаттууларын каттаган. Анын жыйынтыгы боюнча кой, эчки, чочко, бодо мал, жылкынын саны көбөйгөнү аныкталган. Үй канаттуулары да көбөйүп 5,9 миллионду (былтыр 5,7 миллион болчу) түздү.

Ошол эле учурда төө, коён жана эшектин саны азайган. Анын ичинен эшектердин саны 33 миңди түзгөн. Ал эми 2016-жылы эшектердин саны 43 миң болгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...