Акыркы макалалар

Динди саясаттан бөлүү менен анын аруулугун сактап калууга болот

Динди саясаттан бөлүү менен анын аруулугун сактап калууга болот

“Марал” радиосунун “Босого” программасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев жана эл аралык Ала-Тоо университетинин эл аралык укук кафедрасынын башчысы Нурлан Исмаилов менен динден тышкаркы жана атеисттик өлкөлөрдүн айырмасын, мамлекеттеги диндин жана демократиянын принциптерин талкууладык. Уктурууну саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты, Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Чотаев:

Мамлекет кайсы диний уюм же агым болбосун барына бирдей көңүл бурушу зарыл…

Динден тышкары дегенди туура түшүнүүдө дагы эле көйгөйлөр бар. Анын классикалык жана теориялык маанисин түрдүү кабыл алышат. Мамлекеттерде тинден тышкары түшүнүгүнүн ар кандай молелдери бар. Негизи динден тышкары мамлекеттерде дин бийликке аралашпайт. Ошол эле учурда жарандар эркин дин тутуна алат. Бийлик динден бөлүнгөн десек да, мамлекет кабыл алган ченемдик укуктук актылар менен диний ишмердүүлүктөрдү көзөмөлдөп турат. Ошондуктан диний уюмдар жана алар өткөргөн иш-чаралар мыйзамдарды бузбашы керек. Мамлекет кайсы диний уюм же агым болбосун барына бирдей көңүл бурганы абдан маанилүү.

Мусулман мамлекеттер да дин аралашпаган бийликти колдошот…

Орто кылымдарда Европада дин мамлекетти башкарууда үстөмдүк кылчу. Кийинчерээк реформа жасалып, мамлекет менен дин бөлүнүп, коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүлдү. Жарандар билим алды. Илим, техника жана эркиндик өнүктү. Европада дин үстөмдүк кылып турганда мусулман өлкөлөрдө медицина, так илимдер, искусство өнүктү. Мусулман мамлекеттер да дин аралашпаган бийликти колдошот. Динден сырт мамлекет болуш үчүн өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзгөн бардык диндерге бирдей мамиле жасалып, өз ара диалог болуш керек. Муну менен жарандар кайсы динди тутунганына карабай бири-бирине урмат сый менен мамиле кылат. Натыйжада, коомдун өнүгүшүнө өзгөчө шарт түзүлөт.

Мыйзам бузгандар бары бирдей жоопкерчиликке тартылышы зарыл…

Динден сырткаркы мамлекетте бардык диндерге, алсак, христиан, ислам, буддизм диндерине мыйзам чегинде ишмердүүлүк жүргүзүгө бирдей укук берет. Мамлекеттик кызматкер тутунган динине эмес жумушуна жараша кийинип, иш убактысын белгилейт. Эч бир дин мамлекеттин саясатына аралашпайт. Укуктук коом түзүш үчүн далилдер менен иштешибиз керек. Мыйзам бузса бары бирдей жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Башка диндин өкүлдөрүнө лакап ат коюу же аларды мыскылдоо туура эмес. Ырас, демократиялуу, динден сырт мамлекет болгондон кийин бардык жарандардын укугу, эркиндиги эске алынышы шарт.

Исмаилов:

Диндин мамлекеттен толук бөлүнүп кетүүсү мүмкүн эмес…

Динден тышкары деген түшүнүктү талкуулоодо бир топ багыттарга көңүл буруу зарыл. Динден тышкары, өлкөлөрдө дин мамлекеттик саясаттан, башкаруудан жана билим берүү системасынан бөлүнүп турат. Бирок диндин мамлекеттен толук бөлүнүп кетүүсү мүмкүн эмес. Себеби дин коомчулук менен байланышта болот. Ал эми коомчулук мамлкеттин негизин түзөт. Мамлекет менен дин ар дайым чогуу жүрөт. Динден тышкаркы өлкөлөрдө мамлекет жаштардын билим алуусуна, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, коомдук коопсуздукту сактоого, эл аралык мамилелердин жана маданияттадын өнүгүшүнө, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүгө умтулат. Мындай мамлекеттерди динге каршы же атеисттик өлкө катары көргөн туура эмес.

Динди саясаттан бөлүү менен мамлекет диндин аруулугун сактап калат…

Динден сырткаркы өлкөлөрдө да бийлик коомдо диний ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Дин кармануу ар бир жарандын өз эрки. Мамлекеттик диний мамилелердин системасында динден сырткаркы өлкөлөр жеткиликтүү моделдердин бири. Динди саясаттан бөлүү менен мамлекет диндин аруулугун сактап калат. Динди саясатка колдонсок диндин эрежелери бузулат. Алсак, шайлоолордун алдында диний көз караштарын айтып добуш топтогондор да бар. Мындайда диндин баалуулуктары артта калат.

Мектептерге диний сабактарды киргизүү кылдат мамилени талап кылат…

Мектептерге диний сабактарды киргизүү боюнча эки жыл мурда Билим берүү министрлиги менен диний агенттиктердин катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Былтыр долбоордун концепциясы иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде дүйнөлүк диндердин тарыхы боюнча атайын сабактын программасы даярдалды. Анын негизинде өткөн жылы 10 мектепте пилоттук түрдө сабактар берилди. Сабактын алкагында дүйнөлүк диндер жана алардын өзгөчөлүгү, дин менен мамлекеттин ортосундагы байланыш, анын негизги принциптери, динден тышкары мамлекеттин баалуулуктары каралган. Башка окуу жайларга да бул сабакты киргизүү боюнча дагы иш-чаралар өтөт. Мындай сабактарды дароо сиңип кетпейт. Анткени алгач сабак бергенден кийин балдарга калтырган таасир, мугалимдин даярдыгы жана методикалык жардамдардын анализи чыгарылат. Жыйынтыктарга таянып, бул мамлекеттик деңгээлдеги предметтик сабак болуп калышы мүмкүн. Бул жаатта комплекстүү иш-аракеттер жүрүп, ага бир канча мамлекеттик органдар жана эксперттер катышууда.

Мамлекет диний жамааттардын ишмердүүлүгүнө объективдүү анализ жүргүзүш керек…

Биринчиден, динден тышкаркы мамлекетте динди кысымга алуу, жүрүм-турумду жактыруу деген түшүнүктөр жок. Мындай мамлекеттерде маданият, цивилизациялык баалуулуктар, демократиялык жана укуктук принциптер биринчи орунда турат. Диндин аруулугун сактоо үчүн динден тышкары мамлекеттин болгону оптималдуу вариант. Динден сырткаркы коом динден тышкаркы мамлекеттин радикалдуу түрү десек болот. Бул коом мамлекеттик түзүлүшкө каршы болуп саналат. Мамлекет диний жамааттардын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүүдө объективдүү мамиле кылышы керек. Бул багытта башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасын эске алсак болот. Бирок эгемендүү мамлекет болгондон кийин диний уюмдарга көз карандысыз саясат жүргүзө алуу маанилүү. Бул саясатты ишке ашырууда диний ишеним ээлеринин жана жарандардын укугун бузбаш керек.

Мамлекет динди үйрөтпөйт, болгону дин жөнүндө маалымат гана бере алат…

1990-жылдары мектептерге ыйман сабагы бир жактуу кирип калган. Көп диндүү мамлекетте жашагандан кийин айрым маселелерди эске алыш керек. Мисалы, бир класста башка-башка диндердин өкүлдөрү отурушу мүмкүн. Артык кылабыз деп тыртык кылып албайлы. Мамлекет динди үйрөтпөйт, болгону дин жөнүндө маалымат гана бере алат. Балдар белгилүү жашка келгенден кийин каалаган динди тандап алат. Ага ата-энеси, достору сыяктуу бир нече факторлор жана чөйрө таасир этет. Ошондуктан мамлекет кайсы бир диний уюмдун функциясын аткарбайт.

Ислам дини адамдардын уккан маалыматтарынын негизинде калыптанууда…

Бүгүнкү күндө Ислам дини адамдардын уккан маалыматтарынын негизинде калыптанууда. Алсак, молдоке, имамдардан укандарыбыз менен чектелип калып жатабыз. Ислам динине тиешелүү китептерди, илимий адабияттарды окугандын ордуна жалкоолонуп жөн гана роликтерди көргөнүбүз үчүн Ислам дини эмоциялуу түрдө калыптанып жатат. Бул чоң жаңылыштык болуп саналат.

Мындан сырткары, азыр көп түрдүү маданиятка өтүү доорундабыз. Анткени СССР убагында чачыбызды кандай кыскартып, кайсы кийимди киерди жазылган түрдө аткарчубуз. Ошол эски системадан бир нерсе өзгөрүп калса эле терс кабыл алабыз. Мисалы, оронгон аял, сакал койгон киши жаман ж.б. Демек коом көп түрдүүлүккө, көп маданияттуулукка, көп диндүүлүккө үйрөнүү этабынан өтүп жатат. Мисалы, АКШда сакал койгондорго, чачтарын өстүрүп алгандарга эч ким көңүл бурбайт. Анткени коом ага көнүп калган. Бизде да коом көп түрдүүлүккө көнгүчө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ошентсе да акырындык менен түзөлүп кетет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...