Акыркы макалалар

Евгений Тимофеев Кореяда тоо лыжасы боюнча мелдешке катышууда

Евгений Тимофеев Кореяда тоо лыжасы боюнча мелдешке катышууда

18-февралда Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарынын он биринчи күнү 6 комплект медаль ойнотулат.

Оюндардын расмий сайты билдиргендей, бүгүнкү мелдештер тоо лыжасы, биатлон, лыжа менен жарышуу, көркөм муз тебүү жана музда жарышуу боюнча өтүүдө.

Ал эми тоо лыжасы мелдешинде гигант слалом түрү боюнча эркектер арасында 1 комплект медал ойнотулат. Мелдешке 110 спортчу чыкты, алардын арасында Кыргызстандан барган спортчу Евгений Тимофеев да катышууда. Ал биринчи аракетте трассаны 1 мүнөт 20,9 секундда басып өтүп, 72 экинчи орунду көрсөттү.

Евгений Тимофеев мелдешке 92-номер менен чыкты.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 7:15 башталган. Ал эми саат 10:35 экинчи аракет боюнча жарыш башталды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...