Акыркы макалалар

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын үч артыкчылыгын атады

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын үч артыкчылыгын атады

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук Кыргызстандын потенциалы боюнча айтып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2018-2023-жылдар аралыгында кызматташуу стратегиясын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдар менен иштешүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Бурунчук Кыргызстандын ар тармактан потенциялы жогору экенин айтты.

"Биринчиден, адамдар. Айрым өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз жарандарынын билим деңгээли абдан жогору. Экинчиден, суу ресурстары. Ал энертегика секторундагы чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Мындан тышкары, ажайып жаратылышы туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт", — деди ал.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстандын айыл чарбасы продукциялары жакынкы өлкөлөрдүн рыногунда чоң суроо-талап жаратарын иликтөөлөр көрсөткөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын айыл чарба потенциалынын бийик экенин өлкө экспорттоп жаткан товарлар дагы көрсөтүп турат. Мисалы, Европа жана Араб өлкөлөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн сыр, бал, жаңгак сыяктуу азыктар жогору бааланат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...