Акыркы макалалар

Эми декларацияда чыгаша дагы көрсөтүлө баштайт

Эми декларацияда чыгаша дагы көрсөтүлө баштайт

Күч кызматкерлери декларациясын ачык көрсөтүшү керек. Өзгөчө укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларациялары жакшылап текшерүүгө алынуусу тийиш. Мындай талап президент Сооронбай Жээнбеков тараптан коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын жакшылап текшерүү зарыл экенин белгиледи. Мындай пикирин ал 13-февралда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен коррупцияга каршы күрөш боюнча өткөн жыйында айтты. Себеби Коопсуздук кеңештин буга чейинки отурумунда күч органдарында коррупциялык иштер арбын болуп жатканын так сандар менен айткан.

Мындай кадам менен мамлекеттин өзөгүн кармап турган күч органдарындагы жемкорлукту жоюу боло турганын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасынын орун басары Марат Иманкулов Маралга билдирди. Ошондуктан президенттин бул кадамы эң туура деп баалайт. Анткени күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин ишкердик кылуусуна мыйзамдык жактан тыюу салынганы менен бай жашаган кызматкерлер арбын деди. Бул жагынан өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алуу менен мыйзамдык жагын каталдатуу керектигин айтат.

-Президенттин бул демилгеси өтө туура. Азыр декларация боюнча мыйзамдарды бүт карап чыгып аларды дагы күчөтүү керек. Катуу мыйзамдар болгондо гана коррупция менен күрөшө алабыз. Башка өнүккөн мамлекттер кызматкердердин киреше жана чыгашасын эсептеп, ашыкча мүлкү болсо дароо «Коррупциячы» деген атка коноору белгилүү. А бизде толтурулган декларациядан реалдуу жашоо башкача болуп чыгууда.

Ал эми салык кызматы болсо, 2018-жылдан баштап жарандардын кирешеси тууралуу декларацияны электрондук негизде кабыл ала баштады. Анын ичинде күч органдарында иштеген 30 миңге жакын кызматкер дагы милдеттендирилди. Эми иштин экинчи этабында кызматкерлердин бир гана кирешеси эмес чыгашасы, буга кошумча жакындарынын мүлктөрү дагы иликтене баштайт. Бул боюнча салык кызматынын киреше салыгы башкармалыгын башчысы Чынара Мамырбаева кабарлады.

—Мурда бирдиктүү салык декларациясын жаран кайдай толтуруп берген болсо, салыкчылар ошол боюнча маалыматтарды жыйнашчу. Эми жаңы тиртип боюнча кирешеге кошумча, чыгаша жана кызматкердин жакындары дагы декларацияны толтуруусу милдеттендирилет. Ошондуктан азыр бул багытта иштерди жүргүзүп жатабыз. Биринчи декларацияны электрондук негизде толтурулуп баштадык. Экинчи этапта ошол толтурулган декларацияны башка мамлекеттик ведомстволор менен маалыматтарды текшеребиз. Анда кайсы бир декларация туура эмес толтурулуп калганы аныкталса, маалыматты прокуратурага тапшырып беребиз.

Декларацияны электрондук негизде толтурулушу күч түзүмдөрүндөгү былыктарды чыгарууну шарттай турганын, экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова белгиледи. Бизге берген маегинде бул иш бир жылда жемишин бербесе, дагы алдыңкы 4-5 жылда жыйынттыктуу болоорун айтты. Ошондуктан демилге туура көтөрүлүп, президенттин ага эрки жетти дейт.

—Декларациянын электрондук толтурууга өткөндүн өзү, көп маселени чечет. Ал дароо болбосо дагы, 4-5 жылда жыйынттык болот. Алдыңкы эки жыл системаны киргизүүгө эле кетет. Бирок көп убакыт кетет дебей башташыбыз керек.

Кошумчалай кетсек, Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына буга чейин негизсиз токтотулуп турган жана жабылган кылмыш иштерин иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырган болчу.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...