Акыркы макалалар

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин соңку чечиминде жазылды. Чечимге президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда кол койду. Анда Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага, өкмөткө бир катар сунуштар, тапшырмалар берилди, аткаруу мөөнөтү белгиленди.

Эксперттер Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабын ар түрдүүчө талдап жатат.

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЧЕЧИМИ

Коопсуздук кеңешинин сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу тууралуу чечими негизинен он чакты бөлүктөн жана 45 иш-чарадан турат. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Дамир Сагынбаев "Азаттыкка" андагы негизги жагдайларды айтып берди:

- Ушул жылдын аягына чейин сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын негизги бөлүмдөрүндө кызматкерлер менен жарандар жолуккан жерлердин баарында видеокөзөмөл камералары орнотулат. Анда тергөө, суракка алуу, сот иштери кандай жүрүп жатканы жана башкалар байкоого алынат. Экинчи маанилүү жагдай - ошол органдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү чет өлкөлүк компаниялардын жана уюмдардын баалуу кагаздарын, акцияларын жана уставдык капиталдарындагы үлүштөрүн сатып алышына мыйзам менен тыюу салынат. Бул өтө олуттуу чектөө. Мыйзамсыз жол менен табылган акчаны коротууга, пайдаланууга тыюу салынат, көзөмөлдөнөт. Ошондой эле бул органдардын кызматкерлеринин акча каражаттары накталай эмес формада болушу керек. Алардын айлыгы банктагы эсепке которулат, ал банкты болсо өкмөт аныктайт. Ошондой эле алар банктык, салыктык, бажылык купуя сырлар деген маалыматтарды ачып берүүгө милдеттендирилет. Бул алардын киреше-чыгашалары тууралуу декларацияларын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Дамир Сагынбаев өкмөткө быйыл 30-июнга чейин мындан 1,5 жыл мурун ошол кездеги Коргоо кеңешинде кабыл алынган укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чечимдерди аткаруу тапшырылганын кошумчалады. Ал сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери коррупцияга жол бергени, кызматтык кылмыш кылганы, мамлекеттик, муниципалдык менчикти уурдаганы аныкталса, аларды кайра мамлекеттик кызматка келтирбей турган чаралар бар экенин билдирди:

- Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын коррупция, кызматтык кылмыш боюнча айыпталган кызматкерлерине карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Бул чара алар тергөө жана сот жараянына таасир этишине жол бербеш үчүн киргизилип жатат. Эгер тергөөдө алардын кылмыш кылганы аныкталса, сөзсүз эркинен ажыратылат, үй-мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле кызматтык кылмыш, анын ичинде коррупция, мамлекеттин мүлкүн уурдоо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, соттолгон кызмат адамдарынын реестри түзүлөт. Мындай адамдар кайра эч качан мамлекеттик, анын ичинде күч органдарына кызматка келе албагыдай болушу керек.

"КЫҢЫР ИШТЕР КАЛБАЙТ"

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, УКМКнын төрагасы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын төрагасына кызматтык кылмыш, коррупция тууралуу кылмыш иштерин тергөөнү негизсиз создуктуруу, токтотуу фактыларынын алдын алуу тапшырылды.

Башкы прокурор мындай кылмыш иштеринин баарынын эсеп-кысабын алууга, аларды негизсиз токтотуунун, кыскартуунун жана мөөнөтүн создуктуруунун себептерин аныктоого милдеттендирилди. Ошондой эле "өрттөлдү, жоголду, уурдалды" деген кылмыш иштеринин баары иликтенип, кайра жанданмай болду.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаевдин пикиринде, коррупция менен күрөш ириде сот системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүдөн башталышы керек. Ал коррупционерлердин "кара тизмесин" түзгөн органдарга коомчулукта ишеним жок деп эсептейт. Активист коррупцияга каршы күрөш жарыялаган бийлик башчыларынын жоопкерчилигине токтолду:

- "Коррупция менен күрөш" дегенде кылмыш иштери козголушу керек. Ал иш сотко барат. Бүгүн сотто кимдер отурат? Биз аларга ишенебизби? Биринчиден, сот системасын реформалаш керек. Анан эмне үчүн коррупционерлердин реестри түзүлүп жатат? Ошол тизмени түзгөн прокуратура таптазабы? Ушундай көп суроолор пайда боло берет. Анан мейли, коррупцияга каршы иш-чаралар айтылсын, жазылсын. "Эгерде ушул иш-чаралар эртең ишке ашпаса же натыйжа бербесе - анда ким кандай түрдө жооп берет?" деген да суроо туулат. Ушунун башында турган адам кызматтан кетеби? Маселен, "мага үч жыл бергиле, коррупцияны тыям, эгер жыйынтык болбосо, максатыма жетпесем анда мен кызматымды тапшырам" десе - анда чоң кадам болмок. Анткени муну биздин бийликтеги жетекчилер эч качан айткан эмес.

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күч түзүмдөрүнөн, прокуратура, сот системасынан баштаганы кызуу талкуу жаратты. Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев бул жолу күрөш натыйжалуу болот деп өзүн ынандырган себептерин атады:

- Азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков конституциялык, юридикалык укуктан тышкары ушундай катуу талап койгонго моралдык да укугу бар. Бул киши өзү таза. Ушуга чейин канчалаган чоң кызматтарда иштеп келди, бирок азыр эч ким ал өзү кандайдыр ыплас иштерге кошулганын, жаман иштерге барганын айта албайт. Бул өтө чоң укук. Өзү таза адам гана коррупцияга, криминалга каршы ийгиликтүү иш жүргүзө алат. Кыргызстандын шартында президенттин инсандык тазалыгы өтө чоң мааниге ээ. Бул керек болсо анын конституциялык укуктарынан да чоң укук. Мени ынандырган экинчи себеп - биринчи жолу Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарынын ичиндеги коррупция маселеси мынчалык так, мынчалык ачык коюлган эмес.

"УУРУ ТҮРМӨДӨ ОТУРУШУ КЕРЕК"

Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштүн ураанын, ыкмасын өзгөрткөнгө бир канча жолу аракет кылган.

2011-жылы президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматын түзгөн. Анын биринчи этабы "ууру түрмөдө отурушу керек" деген ураан менен өткөн.

Андан кийин, 2013-жылы бийликтеги саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу президенттин жардыгы чыккан. Ага ылайык Коргоо кеңешинин алдында жумушчу топ түзүлүп, бир жыл ичинде мамлекеттик бийликтин жогорку бутагындагы коррупциянын себептерин аныктап, мамлекеттик мекемелер менен министрликтердеги коррупциялык схемалардын бетин ачууга тапшырма берилген.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабы азырынча сөз жүзүндө эле калганын белгиледи:

- "Коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жетип калыптыр" деп бир айттык. "Саясий коррупция", "системалуу коррупция", "турмуш-тиричиликтеги коррупция" деп устукандадык. Өзүнчө жумушчу топторду түзүп, ар бир министрлик-мекемеде "кандай коррупциялык схема бар, канча коррупциялык чекит бар" деп анын баарын санап чыктык. Кыскасы, коррупцияны болушунча эздик. Ошонун баары эми сөз, кагаз жүзүндө болду да. Сооронбай Жээнбеков туура маселе көтөрүп жатат. Мен буга толугу менен кошулам. Бирок бул маселелер көтөрүлүп эле келген да! Биз аны качан чечебиз? Менимче, бул азыр жөн гана сөз. Ооба, мен деле "укмуш болду, сонун болду" деген пикирлерди угуп жатам. Коррупцияны атып-сайып салгансып, баарыбыз эле дүңкүлдөп жатабыз. Бирок коррупция ордунда эле турат.

Бекбосун Бөрүбашев коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабынын оош-кыйышын талдады:

- Бул билдирүүнүн оң жагы - Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден кийин 70 күндөн кийин ушул маселени көтөрүп чыкты. Бул абдан туура. Мына, кечээ эле Алмазбек Атамбаевди абдан мактап, "баатыр" деген наам берип, "укмуш сонун болду" деп узатпадык беле? Көрсө коррупция ошол боюнча эле калган турбайбы? Муну биздин президент расмий айтып чыкты. Бирок муну биз деле, баарыбыз эле айтчубуз. Бирок бизди "булар көрбөй атат, көзү сокур, коррупционерлердин баарын отургузуп койдук" деп эле күпүлдөп жатышпады беле? Көрсө андай эмес экен да. Жетишпеген жагы - ал "коррупция менен күрөш эмнеге ишке ашпай жатканын эми түшүндүм, көрсө коррупция менен күрөшкөндөр өздөрү коррупционер болуп кетиптир" деп айтып жатпайбы. Эми муну менен биз Америка ачкан жокпуз да. Милицияда, прокуратурада, сотто коррупция бар экенин, коррупцияга малынып калганын баарыбыз эле билчүбүз. Бирок бул киши эмне үчүн коррупцияга каршы күрөшүүчү органдар коррупцияга малынып калганын ачып берген жок. Бул жагы ачылбай калды. Бизде мамлекеттик, саясий-укуктук системабыздын өзү коррупциянын негизинде түзүлүп калган.

Коопсуздук кеңеши 8-февралда жыйынга чогулган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик органдардын баарын сынга алган. Ал коррупционерлерге "саткындар" катары мамиле жасаш керек экенин айткан:

- Коррупцияга малынгандарга өз элинин, мамлекетинин, ишинин кызыкчылыгын, кесиптештерин саткандар катары мамиле кылыш керек. Алардан тазаланышыбыз зарыл. Мамлекеттик органдарга кайрадан ишке орношууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбашыбыз керек. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтөбүз. Мен укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чара көрүүнү талап кылам. Дагы бир жолу кайталап айтайын. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, айрым таза эмес кызматкерлерден арылышыбыз керек. Өз тармагыӊарды оӊдоп, ишти иретке келтиргиле. Силерге дагы бир мүмкүндүк берип жатам. Бирок мөөнөт кыска болот, жыйынтыктарды создуктурбай чыгарабыз. Менин талаптарым катуу болот.

Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууга маани бербей, өздөрүн жансакчылар менен курчап алганын айткан жана элге жакын болууну тапшырган. Мамлекет башчы "ар бир олуттуу арыз менин көзөмөлүмдө болот" деп эскерткен жери бар.

Коопсуздук кеңешинин чечиминде буга байланыштуу да бир катар чаралар жазылды. Маселен башкы прокурор, атайын кызматтын төрагасы, ички иштер министри, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчиси өзүнө караштуу түзүмдөрдөгү ыкчам-кызматтык иштер жана келген доомат-арыз, көрүлгөн чара тууралуу квартал сайын маалымат жыйынын өткөрүп турушу керек. Алар аймактарды кыдырып, жарандар менен маал-маалы менен жолугуп турушу зарыл.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...