Акыркы макалалар

Асанбаев: Мигранттардын таламын талашабыз

Асанбаев: Мигранттардын таламын талашабыз

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев миграция жаатындагы маселелер тууралуу "Азаттыкка" кеп салды.

"Азаттык": Орусиядагы кыргызстандыктардын башкы мүшкүлдөрүнүн бири - «Жүк-200» маселеси. Былтыр Кыргызстанга Орусияда каза болгон канча жарандын сөөгү барды? Алардын үй-бүлөлөрүнө жол чыгымдарын жабууда кандай жардам берилди?

Асанбаев: Былтыр чет өлкөдө каза болгон 245 жарандын сөөгү келди. Бул элчиликтерден, Чек ара жана Бажы кызматтарынан, диаспоралардан Мамлекеттик миграция кызматы тактаган маалымат. Алардын ичинен 51 арыз түшкөн, чыгымдарын өкмөт төлөп берди. Бул мамлекеттик бюджетте каралган 1 миллион 600 миң сомдун тегерегиндеги каражат. Бирок, менимче, бул жетишсиз. Анткени алардын 20 пайызы гана жардам алды.

Каза болгон адам эмгек мигранты экенин тастыктаган расмий кагаз же диаспоралардагы юридикалык катталган коомдук бирикмелерден кат керек. Андан тышкары жол чыгымдарын тастыктаган квитанциялар талап кылынат. Кээ бир жарандарыбыз кагаздарды топтой албай же сөөктү диаспоранын күчү менен кетиргенде кайрадан өкмөттөн акча алуудан намыстанып кайрылбай койгон учурлар болгон.

Миграция кызматы жөлөкпулдун шарттарын жеңилдетиш үчүн өкмөткө атайын жобо даярдап берди. Жободо жөлөкпулду адам чет өлкөдө каза болгонун тастыктаган күбөлүк менен гана алуу каралган. Андан тышкары, транспорттук чыгымдардын ордуна 50 миң сом берүүнү сунуш кылдык. Буга кошумча катары, жөлөкпулду сөөктү мекенине жеткиргенден кийин эмес, аны алдын-ала берүү тууралуу сунуш киргизилди. Бирок бул Евразия аймагына гана тиешелүү болот. Ал эми алыскы өлкөлөр боюнча мурунку система менен иштей беребиз. Биз бул жобо колдоо табат деп ишенебиз.

Экинчи кадам - азыр эмгек мигранттарынын өмүрүн кепилдөө боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Мен буга толугу менен кошулам. Кыргызстанда өмүрдү кепилдөө боюнча мыйзамда "бул ыктыярдуу түрдө гана болушу керек" деп жазылган. Бул мыйзамды өзгөртүш керек. Азыр жер-жерлердеги диаспоралар менен сүйлөшүп жатабыз. Демилге мигранттардан колдоо тапса, өкмөткө, Жогорку Кенешке кат жазып, ишти алга жылдыруу зарыл.

Четке чыккан жарандын өмүрүн милдеттүү кепилдөө боюнча мыйзам кабыл алынышы керек, андан кийин муну ишке ашырган мамлекеттик орган же фонд түзүү зарыл. Чек ара бекеттерине өкмөттүк терминалдар коюлуп, чет жакка чыгып бараткан жаран биздин эсеп боюнча 300 сом төлөп, үч жылга өмүрүн камсыздандырып кетсе, анда 300 миң сомго чейин жөлөкпул каралат. Эмгек мигранттары – үй-бүлөсүн баккан адамдар. Кокустан чет жакта жүрүп көзү өтүп кетсе, сөөктү мекенге жеткирүүдөн тышкары үй-бүлөлөрүнө каржылык жактан жардам болот.

УЗАК ЖОЛДОГУ МИГРАНТТЫН ТАГДЫРЫ

"Азаттык": Орусияга жеңил унаа жана кичиавтобустар менен чыгып, жол кырсыгында жабыркаган адамдар бар. Жол коопсуздугун камсыз кылууда кандай иштер аткарылып атат?

Асанбаев: Бул маселе президенттин аппаратында, өкмөттө да каралууда. Бизде темир жол натыжайлуу иштебегендиктен алыска автобус жана жеңил унаа менен жүрүп калдык. Москвага жумасына эки поезд каттайт, бир каттамда жыйырмадай киши келет. Алар - мигранттар эмес, алар - ошол жүгүн алып келип жаткан «челночниктер».

Поезддин билети 12 миң сомдон жогору. Мен мындай бааны эч түшүнбөйм, экономикалык жактан да чыгашалуу. Бирок мен «Кыргыз темир жолу» мекемесинин өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө алар билет баасын Казакстан менен Орусиянын аймагындагы төлөмдөр менен түшүндүрүп жатышат.

Муну менен кол шилтеп таштап койбошубуз керек. Темир жолду биз кайрадан жүргүнчү ташыган транспорт катары көтөрүшүбүз керек. Москвага билеттерди 4-5 миң сом кылып койсо, поезддер жарандарыбызга алда канча ыңгайлуу жана коопсуз болот. Темир жолдун өзүнө да киреше алып келет. Казакстан, Орусия менен да сүйлөшүш керек.

"КАРА ТИЗМЕНИН" ТАЛАПТАРЫ

"Азаттык": Былтыр жыл башына «кара тизмеде» 116 миңдей кыргызстандык бар экени маалымдалган. Андан канча жаран чыгарылды?

Асанбаев: Убагында «кара тизме» 180 миңге чейин көбөйүп кеткен. Анда маселе президенттин денгээлинде каралып, 40-50 миңге чейин жаранды тыюу салынган мөөнөттөн мурун чыгарганбыз.

Негизи "кара тизмеге" мигранттар үч пункт боюнча киргизилет. Биринчи пункт - "чек арадан өткөндө өзү жөнүндө жалган маалымат берген" деген негизде. Мисалы, Орусияга кирүүнүн максаты «окуу» же башка деп көрсөтүп алып, кийин өзү иштеп жүргөнү аныкталып калган учур.

Экинчи пункт - экиден ашык административдик мыйзам бузууга байланыштуу. Үчүнчүсү - 90 күндүк эрежени бузуу. Бул убакта мигрант ишке орношуп, эмгек келишимин алышы керек же конокко келген болсо өлкөдөн чыгышы керек. Былтыр "кара тизмеден" 44 миң адам чыкты, быйыл 18 миң адам чыгат. Акырындык менен "кара тизме" кыскарып, ага жаңыдан киргизилгендер азайып баратат.

АКЧАСЫН АЛДЫРГАН ЖУРТТАШТАР

"Азаттык": Мигранттар эмгек акысын ала албай калып жатканы көп маселелерди жаратууда. Канча кайрылуу болду? Канчасына жардам бере алдынар?

Асанбаев: Жалпысынан 1185 коллективдүү арыз түшкөн. 2,5 миңден ашуун мигрант 120 миллион рублдай айлыгын ала албай кайрылган. Ошонун 41 миллионун биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлери жарандарга алып берди. Өтө оор учурлар бар. Биздин элди эксплуатациялап, айлыгын ар кандай алдамчылык схемалар менен бербей койгондор толтура. Мындай кылмыштуу система бир топтон бери түзүлүп калган. Булар боюнча Тергөө комитетине, тийиштүү органдарга кайрылып жатабыз.

Москвада 14-февралда өткөн ЖККУнун жыйынында мен бул маселени айттым. Мигранттардын эмгегин жеген жумуш берүүчүлөрдү Орусиянын органдары менен текшерүү, өзгөчө көзөмөлгө алуу тууралуу сунуш киргиздим. Биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлери ар бир арызды карап, ошондой «шылуун» жумуш берүүчүлөр кыргызстандыкты ишке алганда анын артынан сурап келчүлөр бар экенин сезип, биздин жарандарды кийин алдабай калгыдай иш кылууга аракеттенип жатабыз. Чындыгында бизге «силер айлык эле чогултуп калыпсыңар» деп сын, шылдың сөздөр айтылып жатат. Бирок биздин ишибиздин жыйынтыгы бар.

Дагы бир нерсе, муну моюнга алышыбыз керек - бизге айлык ала албай кайрылгандардын 99 пайызы жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөй иштегендер. Ага карабастан, мүмкүн болушунча эмгек акысын алып берип жатабыз.

КАРЫЛЫК КАМЫ

"Азаттык": Евразия экономикалык биримдигинин алкагында "эмгек келишими менен расмий иштеген мигранттарга пенсия чегерилет" деп айтылды эле. Долбоор үч жылдан бери иштелип жатат. Жыйынтык болдубу?

Асанбаев: Бул абдан татаал, көп кырдуу маселе. Пенсия боюнча келишимдин баштапкы шарттары бизге эч туура келген эмес. Андан бери көптөгөн талкуулар болду. Келишимге кыргыз өкмөтү жаңы шарттарды, сунуштарды киргизди. Бирок бул келишим Евразия экономикалык биримдигиндеги бардык мамлекеттердин пенсия чегерүү эрежесин эске алып, анан жалпы кабыл алынышы керек. Советтер Союзу таркагандан кийин пенсия менен камсыз кылуу системасы ар кайсы өлкөдө ар башка өнүккөн. Бул системаларды бир нукка салуу зарыл. Бул убакытты талап кылат.

ЧЕМПИОНАТ МААЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ ТАЛАП

"Азаттык": Орусияда жакында президенттик шайлоо, андан кийин ФИФАнын чемпионаты өтөт. Азыртан эле рейддер күч ала баштады. Тажик өкмөтү жарандарын эскертип, аларды 25-майдан 25-июлга чейин Орусиянын аймагына кирбей турууга чакырды. Бул убакта миграциялык каттоого бир күндө туруу талап кылына баштайт. Бул боюнча кандай чара көрүлүп атат?

Асанбаев: Бул боюнча сүйлөшүү болду. Орусия тарап чемпионат маалында миграциялык каттоого бир күндө турууну чет өлкөлүктөрдөн эле эмес, орусиялыктардан да талап кылат. Евразия экономикалык биримдигиндеги келишимдер боюнча "ар бир мамлекет өз аймагында коопсуздукту сакташ үчүн атайын чара киргизе алат" деген жобо бар. Булар "кыргызстандыктарга жеңилдик бере албайбыз" дешти. Ошондуктан 25-майдан 25-июлга чейин миграциялык каттоого бир күндө туруу талабы кыргызстандыктарга да тиешелүү болот.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн дареги: Малая Полянка көчөсү, 12 а. Байланыш телефондору: 8(495) 780-74-11, 8(495) 780-74-12, 8(495) 780-74-10.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...