Акыркы макалалар

Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү

Жакында Нарын облустук жаштар ордосунда ПРООН программасы тарабынан өткөрүлгөн жыйында Нарын облусуна туристтерди тартуу максатында ПРООНдун инновациялык фондунун «Жергиликтүү коомчулукту FourSquare аркылуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири сөз болду.

Туризмди өнүктүрүү багытында ПРООНдун колдоосунда дүйнө жүзү боюнча 52 долбоор ишке ашса, анын бири беш айдан бери Нарын жергесинде иш жүргүзүп жатканы маалым.

- Туристтерди тартууда маалыматтын жетишсиздиги, жергиликтүү коомчулук менен байланыштын жоктугу, маркетингдин начардыгы, туризм жөнүндө түшүнүктүн тайкылыгы жана кызыкчылыктын жоктугу сыяктуу маселелер туристтердин көбүрөөк келишине жолтоо болуп жатат. Туристтерге жергебизден эмнеси жакты, кайсынысы жаккан жок, тейлөө сапатынын деңгээлдери кандай деген суроолордун тегерегинде көзөмөлдүк болгон жок. Чет элдиктерди биздин тарыхыбыз менен маданиятыбыз, улуттук каада-салттарыбыз кызыктыргандыктан сайттарды ачып, туристтерди кызыктырган жергебиздеги тарыхый жана маданий жайларды көбүрөөк берүү менен маданий инфраструктурабыз менен ар тармактуу тейлөөлөрдүн кемчиликтери тууралуу да туристтердин талаптарын сайттарга жарыялап, соцтармактар менен байланышты чыңдасак иштин илгерилешине өбөлгө болмок. Өткөндө Черногорьеден кесипкөйлөр келип, «Улуу Жибек Жолунда жайгашкан Нарын жергеси Нарын дарыясы, кооз жаратылыш байлыктары турганда туристтерди тартууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар экен», деп өздөрүнүн тажрыйбаларын тең бөлүшүп кетишти. Кесипкөйлөр айткандай биздин потенциалыбыз өтө күчтүү, перспективалар менен мүмкүнчүлүктөр көп эле, ошону кантип пайдаланууну билбей жатабыз. Туризмди өнүктүрүү боюнча биз дагы черногорьеликтердин иш тажрыйбасынын негизинде ушул долбоордун алкагында бир катар иш аракеттерди жасап жатабыз. Туризмди мындан ары алып кетүү баарыбыздын колубуздан келет, мекенчил бололу, бири- бирибизден кызганбай, колмо-колдоп иштеп Нарынды дүйнөгө тааныталы,— деп ПРООНдун Бишкектеги башкы кеңсесинин өкүлү Кумар Кылычев видеослайд аркылуу долбоордун алкагында жасалып жаткан иштерге токтолду.

Бул күнү долбоор менен өнөктөшүп иштеген «Турна», «Турист KG» туристтик фирмалары тоолуу жергебиздеги саякатты өнүктүрүү багытында ар кыл багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу видеослайд аркылуу маалымат беришип, туризмге кызыккандарды кызматташууга чакырышты. Туризм жаатында иш алып барып жатышкан райондордон келишкен өкүлдөр дагы бул тармактагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин ортого салышып, ишибизге багыт берген ушундай долбоорлор көп болсо деген сунуштарын айтышты.

Сөз аягында долбоордун менеджери менен координатору чыгып сүйлөшүп, Нарын облусунун аймагындагы тарыхый, маданий, социалдык өзгөчөлүктөрүн, Нарын облусунун жетишкендиктерин, туристтер үчүн мурда белгисиз өзгөчөлүү (уникалдуу) тарыхый жерлерди бири-бирин кайталабастан видеоматериалдар, жазуу, сүрөт түрүндө чагылдыруу максатында долбоордун алкагында конкурс жарыяланып анын жыйынтыгы чыгарылгандыгын, сынак кайрадан жаз айларына чейин улантылаары белгиленди. Жыйынтыгында сынакка катышкан 26 адамдын алтоонун эмгеги талапка жооп бергендиги белгиленип, кезек сыйлык тапшырууга жетти. Мында Нарын шаарындагы №8-орто мектептин окуучусу Назарбекова Айгерим менен «Азаттыктын» кабарчысы Шамбетов Токтосундун мурда туристтер үчүн белгисиз Ат-Башыдагы Көл-Суу жана Кочкордогу зоомузей жөнүндө жазылган эмгектери жогорку баага татып, 3D үлгүсүндөгү «Планшет» менен сыйланышты. Экинчи орунду ээлеген төртөө 3D үлгүсүндөгү «Самсунг» фирмасынын смартфонуна татыктуу болушту.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...