Акыркы макалалар

Дүрбөлөң: кантип бардыгын ээрчип чуркабаш керек

Дүрбөлөң: кантип бардыгын ээрчип чуркабаш керек

Сейдана Акунованын сүрөтү

“Жарык жок, жылуулук жок, баалар өсүүдө, баары бүттү, ЖЭБде авария – бийликтин кылмышы, жазга чейин жылуулуксуз калабыз. Аткаминерлерди атыш керек”. Ушуга окшош сөздөр бир жума мурун коомдук тармактын кыргызстандык бөлүгүндө, шаардыктардын ашканаларында, кофе ичип баарлашуу учурунда көп айтылып жатты. Мунун баары дүрбөлөңдүк маанайды жаратып, психологдор менен психиатрларды кабатыр кылды.

Бишкектиктерди түшүнсө болот. Бир нече сутка жылытылбаган батирлерде отуруу, айрым учурда жарыксыз да – акыр замандагыдай эле көрүнүш. Бошой түшкөн соода борборлору менен көңүл ачуу жайлары чочулоо сезимин күчөтүп гана жатты. Ал эми жалпы дүрбөлөңдүк маанай жана айтылып жаткан сөздөр адамдарды андан да катуу чүнчүттү.

Тийиштүү билими жок, экономиканын, саясаттын мыйзамдары менен жакшы тааныш эмес, инженердик конструкциялар тууралуу түшүнүгү жок адамга учурдагы өлкөдөгү абалга калыс баа берүү кыйын. Сөзсүз, ал тынчсыздана баштайт – өзү үчүн, өзүнүн жана балдарынын келечеги үчүн. Бул коркуу сезими – адам баласынын негизги эмоцияларынын бири болуп эсептелет, ал коркунуч жаралган учурда адамга: кач, жашын, колуңда барды үнөмдө деген буйруктарды берет. Бирок чынында биз, биринчи кезекте, өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, жакындарыбызды окуялардын ар башка нукта өрчүшүнө даярдашыбыз керек.

Дүрбөлөңдүк маанайдын эң коркунучтуусу – адам кээде кыйынчылык кезеңди тынч отуруп, аз жоготуулар менен баштан кечирүүнүн ордуна, так ушундай кырдаал керек болуп жаткан митаамдардын же саясий күчтөрдүн курмандыгы болот. Ден соолуктарын да жоготушат. Бирөө түнү уктай албай, күндүзү өзүн начар сезсе, экинчиси болбогон себеп боюнча ыйлактай берет, үчүнчүсү арак ичип кетет. Башкача айтканда адам оор абалдан чыккандын ордуна, андан жашына баштайт. Бирок дүрбөлөңдөн “качып” кутула албайсың. Тескерисинче, кайрадан аны күчөтөсүң.

Дүйнө тарыхындагы эң узак экономикалык кризис болуп саналган АКШдагы Улуу Депрессияда эң бай адамдар жарым сааттын ичинде бүт байлыгын жоготуп, терезеден секирген учурлар, же башка жол менен жанын кыйып, тагдырдын соккусуна ушинтип кайгы-капасын билдирген учурлар көп катталган. Бирок ошол эле АКШнын тарыхында таптакыр башка дагы окуялар болгон, бир адам 1832-жылы жумушунан айрылып, штаттын мыйзам чыгаруучу жыйынына шайлоодо да утулуп калган. 1833-жылы ал колундагы бардык байлыктан, мүлктөн ажыраган. Бир жарым жылдан кийин сүйлөшүп жүргөн кызы каза болгон. Ал эми 1836-жылы нерв оорусу менен катуу ооруп калат. 1843-жылы ал АКШнын Өкүлдөр палатасына, 1854 жана 1858-жылдары Сенатка шайлоолордо утулуп калат. 1863-жылы ал АКШнын тарыхындагы эң жек көрүндүү белгилүү адамына айланат. Ал тууралуу ар-түрдүү ушактар таратылып, ушак-жалаалар жазылып, пресса аны “маскарапоз”, “тантык бабуин”, “бир кезде темир жол акцияларын бөлгөн, эми өлкөнү бөлө турган чала сабаттуу юрист”, же болбосо “аракеч” деп атаган. Бул адам Авраам Линкольн эле.

Ошондуктан акылы зирек адам кризистик учурда биринчи кезекте – эмне болсо, ошол болсун деп турмушуна кол шилтебеши керек. Экинчиден – айланасында коркуу менен айтылып жаткан күбүр-шыбырларга маани бербеши зарыл. Эртеңки күнү бүдөмүк бардык коомдо ушундай сөздөр боло берет. Талкууланып жаткан маселелерге алардын тикелей түз тиешеси жок.

Бардыгына кошулуп дүрбөлөңгө түшпөш үчүн эмне кылуу керек?

Ооба, “Дүрбөлөңгө түшпө, акыл калчап иш кыл, маалыматтын чын-калпын аныкта” деп айтып коюш жеңил. Бирок бул кеңешти иш жүзүндө кантип туура колдонуш керек?

Ушуга окшош кырдаалдарды изилдеген дүйнөлүк психологдор бизге жарактуу бир нече кеңештерин беришет.

- Кыймылдап иш кылгыла. Сизде дүрбөлөң сезими күчөп келе жатканын сезсеңиз, колуңузга урунган биринчи эле ишти жасай баштаңыз: эмне болсо да жасагыла, болбой калды дегенде – чуркагыла. Адам кыймылдап иш кылганда кандагы адреналиндин деңгээли төмөндөйт. Дүрбөлөңдүн чабуулунун мизи кайтарылат, сергек ой-жүгүртүү жөндөмү калыбына келет. Бирок, чынында, бул убактылуу гана.

- Тагыраак тактагыла. Дүрбөлөң сезимдерден арылыш үчүн бир гана физзарядка аздык кылат. Сиздеги коркуу сезимдин себебин аныкташ керек. Эмнеден коркуп жатканыңарды үн чыгарып айткыла (жазсаңар андан да сонун болот). Мисалы, ушу болуп жаткан нерсенин айынан сиз ишсиз калып, ачкачылык келет деп коркосуңар. Туугандарыңар тоңуп, ооруп калышат деп коркосуңар. Же болбосо жашай турганга жер жок болот деп коркосуңар. Же... бул тизмек узун болушу мүмкүн, бирок коркунучтун көзүнө тике караш үчүн аны түзүү керек. Балким, так ушул тизмекти түзүп жатканда сиз коркконго кош көрүнөт дегендей, анчалык деле корко турган нерсе жок экенин байкайттырсыз. Дүрбөлөң сезимдин туткунунан чыга алаттырсыз.

- Азыр эмне? Учурдагы абалга өзгөчө корко турган нерсеңердин өңүтүнөн карап көргүлө. Мына азыр эмне болуп жатат? Сизде азыр эмне бар экени эң маанилүү – бул сиздеги чыңалууну бир аз азайтат.

- Эмне болот? Божомолдоп көргүлө: азыркы калыбыңардан жазбай жашай берсеңер эмне болот? Эң начар вариантты элестетип көргүлө.

- Сиз эмнени каалайсыз? Эми ойлонуштуруп көргүлө: а сизге кандай вариант жагат? Бул нерсеге өтө эле сын көз карашта болуп, “эгерде” сыяктуу жорумдарды колдонбогула, мисалы: “Эгерде доллар өсүшүн токтотсо, анда мен... Эгерде аварияны бир сааттын ичинде жоюшса, анда...” сыяктуу. Окуялар начар багытта өнүгөөрүн, бирок ал жеке сизге жамандык алып келбешин элестеткиле. Маселен: “Не болсо да аварияны жоюшат, жашоо өз калыбына келет”.

- Эмне кылуу керек? Иш планын түзгүлө: кризистик абалдан эң аз жоготуулар менен чыгыш үчүн эмне кылуу керек? Аны мүмкүн болушунча так түзгүлө. Керек болсо бир нече планды түзүп, эң алгылыктуусун тандап алгыла. Мисалы, вариант А: “Мен үйдөгү бардык жылуу кийимдерди, буюмдарды чогултам, тез арада терезелерди жылуулайм, бардык жыртыктарды бүтөйм”. Вариант Б: “Газ менен үй жылытылган райондордо тааныштарым бар, алардын үйүндө жылуу, аларда бир аз убакыт жашап турганга болобу, сураштырып көрөм”.

- Шарттарды көрсөткүлө. Бул пландарды түзүп жатып, кайсы учурда бул планды иш жүзүнө ашыра баштай турганыңарды сөзсүз белгилей кеткиле. Мисалы: “Эгер турак-жай үчүн төлөм айлык акымдын 70%ына чейин кымбаттаса, анда мен ата-энемдин үйүнө көчөм”, “Эгерде менин айлыгым тамак-ашыма жана жолума жетпей кала турган болсо, анда мен кошумча жумуш табам” ж.б.д.у.с.

Аталган нерселерди схема түрүндө тарткан жакшы: айланалар, аларды туташтырган сызыкчалар жана жебелер... Мындайда сиз абалдан чыгуунун жолун өз көзүңүз менен да көрүп, жакшы элестете аласыз.

Аракеттер планы түзүлгөндөн кийин, сейилдеп келгениңер жакшы болот. Андан соң, абалга кийлигишпеса, ал кандай нукта өнүгө тургандыгын көрсөткөн жазууңарга улам-улам кайрылып, ал абалды жакшыртуу боюнча аракеттерди жасай баштагыла.

Көп учурда маселелерге туруштук берүү өтө татаал болот. Бирок да биз үчүн аны эч ким кылбайт. Ошол эле кезде колдоо көрсөтүп, жардам бере турган адамдар сөзсүз табылат. Ошону үчүн эң кыйын кезеңде досуңарга, туугандарыңарга телефон чалып, аларга конокко барганыңар туура болот. Алардан эч нерсе кетпейт, а сизде күч-кубатыңарга ишеним пайда болот.

Келечек бүдөмүк болбой калганда, коркунучка тике караганда, эмне кыла турганыңарды так аныктап алганынарда сиз дүрбөлөң сезимине алдырбай каласыз, бардык кыйынчылыктарды жеңе аласыз.

Даярдаган Мария Никитина

Түп нускага шилтеме : nlkg.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...