Акыркы макалалар

Депутат Жээнбеков: маалымат мейкиндигин мониторинг кылыш керек

Депутат Жээнбеков: маалымат мейкиндигин мониторинг кылыш керек

Кыргызстанда маалыматтык мейкиндикке үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүш үчүн мамлекеттик орган керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков парламент жыйынында айтып чыкты. Депутат башка өлкөлөрдө Интернет көзөмөлдөнөрүн мисал кылып, мындай аракеттер Кыргызстанда да болушу керек деген пикирин билдирди:

- АКШ менен Улуу Британияда маалымат мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп турат. Социалдык тармактардагы посттор үчүн иш жүзүндө жазаларды караган мыйзамдар бар. Анонимдүү пост жаза албайсың. Муну Казакстанда киргизип жатат. Мындан коркпой, биздин мамлекет да аракет кылышы керек. Маалымат, Интернет мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп туруш керек. Бүгүн "муну ким кылат" деген суроого жооп бере албай жатышат. Себеби, өкмөттө мындай орган жок, -деди Жээнбеков.

Асылбек Жээнбеков Интернетте жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкууланды. Анда Интернеттеги аракты жана тамекинин жарнамалоого чектөө каралган.

Талкуунун жүрүшүндө көпчүлүк депутаттар өлкөдөгү интернет ресурстардагы маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча маселени көтөрүп чыгышты.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...