Акыркы макалалар

Балам ишкер болсун десеңиз аны жоопкерчиликке үйрөтүңүз

Балам ишкер болсун десеңиз аны жоопкерчиликке үйрөтүңүз

Адам ресурстарын башкаруу боюнча адис Элиза Асилбековадан балдарды бизнеске тарбиялоо боюнча кеңеш.

— Балдарыңыз ишкер болсун десеңиз аларды жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаңыз. Анткени бизнесте жоопкерчиликтүү адамдар кыйналбайт.

— Жаштайынан тобокелчиликке барып, кирешелерди эсептей алгандар ийгиликтүү ишкер болушат.

— Жеткинчегиңиздин эмнеге жөндөмдүү экенин так аныктаңыз.

— Ата-эне балдарынын тандоосун колдоп, аларга эркиндик бериш керек.

— Балага акчанын кадырын үйрөтүп, аларды өз алдынча чечим кабыл алууга үндөшү пайдалуу.

— Билим болмоюнча бизнести өнүктүрүү кыйын. Андыктан ишкердик тууралуу маалыматтарды берип туруу кажет.

— Жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүк болбосо өз алдынча кыска мөөнөттүү семинарга катыштырып, китеп окууга үйрөтүңүз.

— Өзүнө ишенген адамдар бизнесте жакшы көрсөткүч жаратат. Андыктан өспүрүмдөрдү өзүнө ишенген, эрктүү кылып тарбиялаңыз.

— Жөндөмү күчтүү балдарды шыктандырып турган оң.

— Адамдар ар бир үч жылда кызматын өзгөртүп турушу зарыл. Бир орунда көп отурганда жаңылануулар жок болуп, көнүмүш адатка көнүп алат. Бул өнүгүүгө тоскоолдук кылат.

— Ийгиликтүү ишкер атаандашуудан коркпой, тобокелчиликке барышы зарыл.

— Ишкерлер мамлекеттин салыктарды төлөөдөн баш тартса туруктуу өнүгө албайт. Андыктан кайсыл тармакта болбосун ак иштеш керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...