Акыркы макалалар

Догоев: 1-марттан тарта автоунааларды каттаган компания ишке кирет

Догоев: 1-марттан тарта автоунааларды каттаган компания ишке кирет

Айдоочулук күбөлүк алуу жана унааларды каттоо үчүн атайын борбор түзөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда айдоочуларга күбөлүк берүү толугу мене автоматаштырылды. Ал эми 1-марттан тарта атайын компания ишке кирет. Аны менен автоунаалар жаңы форматта каттоого алынып, каттоо салыгы 600-700 сомго чейин арзандайт.

Маалыматка ылайык, учурда электромобилдер көп келбей жатат. Жыл жыйынтыгында электромобилдерге өзгөчө чечим чыгарылат. Бүгүнкү күндө унаалардын баасын төмөндөтүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...