Акыркы макалалар

Дубайга суу ташыган компания эми Кыргызстанга келет

Дубайга суу ташыган компания эми Кыргызстанга келет

Өткөн эс алуу күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өкмөттөр аралык дүйнөлүк алтынчы саммити өттү. Ага Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков баштаган делегация катышты.

Өкмөт башчысынын эки күндүк жумушчу сапарында саммиттен сырткары эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген. Анын ичинде эмираттын мураскер ханзаадасы Эль-Фуджейра Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки, Өнүктүрүү фондунун башкы директору Абу-Даби Мухаммад Саиф Аль-Сувейди жана «Investment Corporation of Dubai» аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушуу каралган.

Эң алгач БАЭнин адам ресурстарын жана коомчулукту өнүктүрүү боюнча министри Хесса бинт Эсса Бухумейд менен жолукту. Сапардын жыйынтыгы тууралуу Өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султанов Маралга төмөнкүлөрдү айтып берди.

—Бул сапарда потенциалдуу инвесторлор менен жолугуп сүйлөштүк. Башкы максатыбыз Кыргызстанга инвестор тартып келүү. Алар туризм, курулуш жана башка долбоорлорду карап жатышат. Ал эми биз Дубайга эмне жөнөтө алабыз деп эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздүк. Биз дагы экологиялык жактан таза делген бал жана этти экспорттосок болот. Буга кошумча албетте аларды биздин суу абдан кызыктырды. Бириккен Араб Эмираттарына суу ташыган компания менен дагы жолуктук. Алар Түркия, Европа мамлекеттеринен суу алып келишет экен. Эгер аралыктарын салыштырып көрө турган болсок Кыргызстан менен бирдей эле… Ошондуктан алар дагы Кыргызстанга келип бул тармакты изилдейли деген ойлорун айтты.

Ошондой эле премьер Emaar Proporties (Имаар пропортиис) инвестициялык компаниянын жетекчиси Мохамед Али Алаббар менен пикир алышты. Али Алаббар бизнестин өнүгүшү, ишканалардын жетишкендиги өкмөттүн күчтүүлүгүнөн көз каранды экенин баса белгиледи. Чындыгында өкмөт башчынын Бириккен Араб Эмирлигине жасаган иш сапарынан эмнени күтүүгө болот жана Дубай менен Кыргызстандын кайсыл тармактардагы кызматташуусу өлкөгө пайдалуу? Бул тууралуу экономист Нурадил Раимбеков Дубай менен кызматташууда негизги басым экопродукцияларга жасалуусу керектигин айтат.

—Албетте Дубай экономикасына биздин кыргызстандык ишкерлер чыкса, Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле жер-жемиш өстүргөн ишкерлер өз продукцияларын чыгарса болот. Өзгөчө экопродукцияларды экспорттоого потенциал бар. Анткени Дубайда экопродукциялар өтө жогору бааланат. Мындай жол менен Кыргызстандын продукциясы Дубай рыногунда өз ордун тапса болот.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков КР өкмөтү тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун күчөтүү, жеке менчикти коргоо жана инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү чаралар жүрүп жатканын белгиледи.

Кыргызстандан барган делегация эң коопсуз шаар деп таанылган Дубай полициясынын иши менен таанышты.

Дубай полициясынын башкаруу борбору шаарга коюлган сегиз миң камера, дрон, кошумча мобилдик жабдыктар жана спутник аркылуу күнү-түнү шаардын көчөлөрүн көзөмөлдөп турат. Жабдыктардагы маалыматтар автоматтык түрдө эреженин бузулушун аныктап, жарандардын жүзүн тааный алат. Ошондой эле полиция камералардын жардамы менен тез жардам болобу, ӨКМдин унаалары болобу же жөн гана айдоочу болобу, учурда кайсы көчөдө турганын атай алат.

Эки күндүк сапарда эки тараптуу жолугуушуулар өткөнү менен макулдашууларга кол коюлган жок.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...