Акыркы макалалар

1 млн 500 миң мал идентификациядан өткөрүлдү

1 млн 500 миң мал идентификациядан өткөрүлдү

Өлкөдө 1 миллион 500 миң кара мал идентификациядан өткөрүлдү. Мындай маалыматты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Чүй облусунда 90 пайыз аткарылып, калган облустарда идентификация иши толук аяктады. Катталган малдардын 1 миллион 200 миңи маалымат базасына кирди. Апрель айынан тартып, жылкыларды идентификациядан өткөрүү башталат.

Комитет жыйыныда депутат Асылбек Жээнбеков учурда эл колундагы малдын санын так айтпай жашырып коюп жатканын айтат. Депутат ошол себептен малынын саны боюнча так маалымат бербеген жарандарга айып салуу керек деп эсептейт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...