Акыркы макалалар

Kenesh.kg сайтында ар бир депутаттын баракчасы ачылды

Kenesh.kg сайтында ар бир депутаттын баракчасы ачылды

Жогорку Кеңештин kenesh.kg расмий сайты аркылуу депутаттар менен түздөн-байланышып, аларга онлайн кайрылууга шарт түзүлдү. Анда ар бир депутаттын демилгелеген мыйзам долбоорлору, алардын ишмердүүлүгүн камтыган маалыматтардын баары камтылган. Буга Жогорку Кеңештин бюджетинен эмес чет элдик донорлордун каражаты жумшалган.

7-февралда парламентте Жогорку Кеңештин сайтына киргизилген жаңылыктар боюнча атайын презентация болду. Ага эл өкүлдөрү жана алардын кеңешчилери, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин kenesh.kg сайттында эл өкүлдөрүнүн өмүр баяны эле бар болсо, сайтты жаңылоодон кийин ар бир депутатка эл менен онлайн аркылуу баарлашуу үчүн баракча ачылды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун айтымында, сайттагы депутаттын жеке баракчасынан анын ишмердүүлүгүн камтыган бардык маалыматтарды, демилгелеген мыйзам долбоорлорду, ал тууралуу ЖМКларга жарыяланган фото жана видео материалдарды табууга болот. Бул парламенттин ишмердүүлүгүн ачык-айкын болуусуна шарт түзөт.

-Ар бир 120 депутаттын сайтын ачып жатабыз. Мурда парламенттин сайтында депутаттын өмүр баяны эле жазылчу. Эми мындан кийин сайтта эл өкүлүнүн мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү, маалымат каражаттарында депутат тууралуу жазылган макалалар жана мультимедиа камтылат. Ошондой эле эң негизгиси жарандар депутаттар менен онлайн байланыша алат. Ал жакта эл өкүлдөрүнүн электрондук почтасынын дареги, телефон номуру жазылат. Сайт аркылуу дагы жарандар депутаттарга кайрылса болот.

Сайттагы депутаттардын баракчасын башкаруу үчүн кеңешчилери атайын окутуудан өткөрүлгөн. Алар баракчага келген каттарга ыкча жооп берүү жана арыздарды кабыл алуу сындуу бир катар жагдайларды окушкан.

Эл өкүлдөрү жасалган жаңылоо иштери үчүн Аппарат кызматкерлерине жана сайтты иштеп чыккандарга ыраазычылык билдиришти. Алар парламенттик-демократиялык багытта өнүгүү үчүн жасалган чоң кадам катары баа беришет. Алсак, депутат Рыскелди Момбеков, бул жаңы мүмкүнчүлүк шайлоочулардын түздөн-түз кайрылуусуна жол ачып, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат деди.

— Бул парламенттик башкаруунун өнүгүшүнө өзгөчө өбөлгө болот. Ачыгын айтыш керек, парламенттин дарегине жаман пикирлер айтылып келет. Биз эми шайлоочуларды күттүртпөй эле онлайн аркылуу суроолоруна жооп бере турганыбыз жакты. Депутаттар менен элдин байланышуусун жеңилдетет.

Ал эми сайтын бет ачарына күбө болгон депутат Алтынай Өмүрбекова ушундай эле техникалык жабдуулардын жардамы менен онлайн-конференция өткөрүү тажрыйбасын да пайдаланып көрүү зарылчылыгына токтолду.

-Кайсы бир айыл өкмөттө көйгөй болсо, жетекчилери менен онлайн аркылуу баарлашып, видео конференция да өткөрө турган кылуу керек. Маселенин баарын биринчи кишиден укса жакшы. Бул маселени бат чечилүүсүнө жардам болот. Ошондой эле депутаттарга ачылган баракчадан скайп аркылуу байланышууну кошуп койсо болчудай экен.

Сайтты жаңылоого Жогорку Кеңештин бюджетинен каражат коротулган эмес. Ага Эл аралык донолордун каражаты керектелген. Бирок каяктан келген донор жана канча суммадагы каржы коротулганы ачык айтылбады.

Эске салсак, мурунку жылы Жогорку Кеңештин сайты жаңыланган. Ага көп суммадагы каржат коротулганына коомчулук нааразы болуп, сындап чыгышкан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...