Акыркы макалалар

Жогорку Кеңештин расмий сайтында депутаттар менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Жогорку Кеңештин расмий сайтында депутаттар менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына депутатка онлайн кайрылуу менен түз байланышууга жол ачкан жаңы жабдуу киргизилди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган жабдуу аркылуу расмий сайттагы депутаттын жеке баракчасынан, анын ишмердүүлүгү менен толук таанышуу менен ага түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айрыкча, жеке баракчадан депутат демилгелеген мыйзамдар, анын катышуусундагы видео жана фото материалдар, ошондой эле эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарды табууга болот.

Ал эми жаңыланган депутаттын жеке баракчасынын бет ачары ушул жылдын 7-февралында саат 13:00дө Жогорку Кеңештеги Басма сөз борборунда өтөт (3-кабат). Иш-чарага парламент депутаттары, Басма сөз кызматынын жетекчиси жана баракчаны иштеп чыккан адистер катышат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...