Акыркы макалалар

Жеке тараптар мамлекеттик ипотекадан февралдан баштап насыя ала башташы мүмкүн

Жеке тараптар мамлекеттик ипотекадан февралдан баштап насыя ала башташы мүмкүн

Жеткиликтүү турак-жай программасынын алкагында эми жеке тараптар да насыя ала алышат. Бирок бул мүмкүнчүлүктөр Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынан башкасна гана тиешелүү. Ал мамлекеттик ипотекалык компаниянын баалуу кагаздарынан түшкөн каражаттын негизинде ишке ашат. Дагы талаптары кандай? Төмөндөгү макаладан окуй аласыз.

“Жеткиликтүү турак жай-2015-2020” программасынын негизинде эми бюджеттик эмес мекмелерде иштеген жарандар да насыя ала алат. Ал мамлекеттик ипотекалык компаниянын баалуу кагаздарынан түшкөн каражаттын негизинде ишке ашат. Ал эми шарттары буга чейин мамлекеттик кызматта иштегендер кандай шарт менен алган болсо, ошондой тартип каралган. Бул туурасында мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

-Жалпы бюджеттик тармакта иштеген жарандарга бергендей эле талаптар бар. Сөзсүз түрдө жеке турак-жайы болбош керек. Эгерде жер тилкесине долбоору бар болсо, аны ишке ашыруу үчүн алышы мүмкүн.

Бирок мамлекет түзүп жаткан программанын мүмкүнчүлүгүнөн азырынча Бишкек жана Ош шаарынын тургундары колдоно алышпайт. Анткени инвестор ушундай талапты койгон. “Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын арыздары кабыл алынбайт”,-дейт мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу.

-Тартылып жаткан каражаттын артында турган инвестор өзүнүн талабын коет. Алардын талабы боюнча бөлүнгөн каражат аймактарга бөлунуш керек. Анткени Бишкек жана Ош шаарларында турак-жайлар жетиштүү. Ансыз деле быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланбадыбы.

Бирок биз жүргүзгөн сурамжылоодо Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү бюджеттик эмес мекемелерге берилген мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай тургандыгына нааразы экендигин билдиришти. Анткени борбор калаада жашап, иштеп жаткандардын көпчүлүгү аймактардан келгендер түзөт.

Сурамжылоо:

—Бишкекте жашагандардын көпчүлүгү аймактардан иштеш үчүн келгендер. Баары батирде турат. Үй курайын десең жер жок.

-Баарына бирдей караса болмок. Бишкекте жашайт дегендердин көпчүлүгү батирде турат. Ай сайын батирге акча бергенден көрө, насыя алып, төлөп алган жакшы да.

-Бул мамлекеттик насыяга ишенбей калдым. Мен өзүм мугалиммин. 7 жылдан бери батирде жашап жүрөм. Ипотекага кайрылбадым, анткени тааныш мугалимдер бизге ылайык эмес экен дешти. Пайызы, алгачкы төлөм өтө көп.

Бюджеттик эмес мекемелерде иштегендерге качантан баштап насыя берилери белгисиз. Болжолдуу түрдө февраль айына пландаштырылган. Азырынча аларга 12-14 пайыз менен 3 млн сомго чейин берилет. Мындай маалыматты төрага Бактыбек Шамкеев билдирди.

-Насыя алуунун пайыздык коюму 8% түшпөйт. Алгач 12-14% менен алышат. Эгерде кийинчерээк каражат табылса, ал жагын да карайбыз.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик ипотекалык компания эконом класстагы үйлөрдү куруп жатат. 2018-жылдын соңуна чейин 60 батирлүү үйдүн курулушу аяктап, аны ижарага берүүнүн механизми иштелип чыгат. Ушундай эле класстагы 135 батирге ылайыкташтырылган үй Бишкектин “Туңгуч” кичи районунда салынат. Анын курулушу 2019-жылы башталат.

Башка аймактардагы карапайм калк үчүн да турак жай курууга каржылоо табылса Талас, Баткен, Каракол, Жалал-Абад облустары боюнча долбоор даяр.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...