Акыркы макалалар

"Ак илбирс-2018" киносыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды

"Ак илбирс-2018" киносыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды

«Ак илбирс-2018" улуттук кино сыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу 31-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түрдүү жанрдагы фильмдерди Кинематографисттер бирикмеси 1-мартка чейин кабыл алат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо апрелде болот.

Жыл сайын берилчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган. Анын демилгечилери - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...