Акыркы макалалар

Сасык тумоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда

Сасык тумоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда

Учурда республика боюнча сасык тумоонун жана дем алуу органдарынын курч кармаган жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, 2017-жылдын октябрь айынан бери дем алуу органдарынын жугуштуу оорулары акырындык менен көбөйүп келди. Андан бери 21-январга чейин сасык тумоонун 50 учуру катталып, дем алуу органдарынын курч кармаган жугуштуу түрүнө чалдыккандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 19,4% өскөнү байкалган.

Бирок Министрлик билдирген боюнча, бүгүнкү күнгө карата республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...