Акыркы макалалар

Матраимов: Иним Кыргызстанда эле, эч жакка качкан жок


Матраимов: Иним Кыргызстанда эле, эч жакка качкан жок

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан качып, чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча маалымат чындыкка коошпойт.

Бул тууралуу анын агасы, депутат Искендер Матраимов «Марал» радиосуна кабарлады. Ал иниси Бишкекте экенин, кызматтан кеткенден кийин ден соолугун чыңдап жатканын айтып, интернетте тараган материалдарды каралоо деп атады.

— Мен ошону жазган адамды, ошону ойлоп тапкан адамды Кудайга койдум. Аны билбей туруп, укпай туруп, эптеп эле жалаа жаап, «четте жүрөт, качып кетти» деп чыгаргандар Кудайдан корксо болот эле. Кандай ой, кандай максат менен чыгарганын дагы билбейм. Ал иним Бишкекте эле жүрөт. Бул кимге мынча керек болгон билбейм. Менин инимди буюртма берген же жазган адамды эмне мынча кызыктырганын түшүнбөйм.

Интернет булактарында коомчулукта «Райым миллион» деген ат менен таанымал Райымбек Матраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабарлар тарап жатат.

Ал 23-ноябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен Бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматынан алынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...