Акыркы макалалар

Кожомкул тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды

Кожомкул тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды

Кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкул тууралуу тасманын сценарийине жана режиссеруна сынак жарыяланды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, толук метраждуу (100 мүнөткө чейин) көркөм тасма мамлекеттик заказ боюнча тартылат.

Сынакка катышууну каалагандардан арыздар 1-мартка чейин кабыл алынат.

Ысымы уламышка айланган балбан баатырдын 2019-жылы белгилене турган 130 жылдык маарекесине карата «Каба уулу Кожомкул» көркөм тасмасын тартууга 25 млн сом бөлүү тууралуу токтом Жогорку Кеңеште былтыр июнь айында кабыл алынган.

Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...