Акыркы макалалар

Бишкекте “IT-Форум BIT-2018» эл аралык гранд жыйыны өтөт

Бишкекте “IT-Форум BIT-2018» эл аралык гранд жыйыны өтөт

Бишкекте 5-апрелде “IT-Форум BIT-2018» эл аралык гранд жыйыны өтөт. Иш-чарада беш багыт боюнча жолугушуулар жана окуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Форумда жаңы технологияны бизнесте колдонуунун жаңы ыкмалары, интернетте аянтча ачып иштөө, маалыматтарды талдоо менен иш алып баруу, маалыматтык коопсуздук чаралары жана сертификациялоо маселеси талкууланат. Ошондой эле, бизнесте, жумушта жана күнүмдүк турмушта колдонулуучу «акылдуу» чечимдер тууралуу маалымат берилет.

Бишкекте өтө турган жыйынга аймактын маалыматтык-коммуникациялык технология тармагынын жана бизнес чөйрөнүн эң алдыңкы өкүлдөрү чогулаары күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...