Акыркы макалалар

Жириновский Орусия кечкен 240 млн доллар карыз үчүн Ысык-Көлдү доолады


Жириновский Орусия кечкен 240 млн доллар карыз үчүн Ысык-Көлдү доолады

Кыргызстан Орусияга болгон карызын кечкендин ордуна Ысык-Көлдү ижарага берүүнү сүйлөшүш керек болчу. Мындай пикирин Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский 19-январда журналисттерге маек берип жатып билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялады.

Жириновскийдин айтымында, карыз кайрадан кечилип жатат. Буга чейин эле Кыргызстанга Ысык-Көлдү 99 жылга ижарага берүү сунушталган. Анын айтымында, ал жакка пенсионерлерди, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана студенттерди акысыз жөнөтүлмөк.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...