Акыркы макалалар

Мени издесең ырларымдан табасың... Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси өтөт

Мени издесең ырларымдан табасың... Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси өтөт

Кечеде акындын обондуу чыгармалары аткарылып, ырлары көркөм окулат

25-январь күнү Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовду эскерүүгө арналган "Мени издесең ырларымдан табасың" аттуу кече өтөт. Бул тууралуу Мамлекттик тил комиссиясынан билдиришти.

Иш-чара Тил комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик кадр кызматы, Улуттук жазуучулар союзу жана Эгемберди Эрматов коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

"Эскерүү кеченин расмий бөлүгүнөн кийин Асылбек Өзүбеков, Чолпон Алсеитова, Азиз Батыров, "Камбаркан" ансамблдери тарабынан Эрматовдун обондуу ырлары тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бир катар окуу жайлардын студенттери акындын ырларын көркөм окушат.

Кече Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...