Акыркы макалалар

Бишкектин Бакай-Ата жана Кара-Жыгач конуштарында аба өтө булганган

Бишкектин Бакай-Ата жана Кара-Жыгач конуштарында аба өтө булганган

Борбор калаанын Бакай-Ата жана Кара-Жыгач конуштарындагы абада зыяндуу заттардын үлүшү ченемден ашып кеткен. Атап айтканда, текшерүүдө азот диоксиди ченемден 1,1 эседен 1,3 эсеге чейин ашыкча экени аныкталган.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги билдиргендей, Бишкектеги абанын булганышын изилдөө үчүн жакында баардык калктуу конуштардын абасынан үлгү алынат.

Агенттиктин билдирүүсү боюнча, абага зыяндуу заттар 90% автоунаалардан бөлүнүп чыгууда, ал эми өндүрүштүк таштандылар болгону 10% түзүп жатат. Иштелген автоунаа газында 60 ашык зыяндуу органикалык бирикмелер бар экени катталган.

Бишкектеги кырдаалга байланыштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги атмосфералык абанын абалын жакшыртуу планына шаар ичиндеги кичи автобустарды газ менен жүргөн автобустарга алмаштыруу, троллейбус паркты жаңылоо, саны көбөйтүү жана кошумча троллейбус каттамдарын ачуу иш-чараларын кошту.

Маалымат боюнча, Бишкекте жылына абага 240 миң тонна зыяндуу таштанды бөлүнүп чыгарылат, анын 180 миң тоннасы автоунааларга туура келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...