Акыркы макалалар

HRW: миллиондук доолор сөз эркиндигин артка тартты

HRW: миллиондук доолор сөз эркиндигин артка тартты

"Хьюман Райтс Вотч" дүйнөнүн 90 өлкөсүндөгү адам укуктарынын абалын талдап, жаңы баяндамасын жарыялады.

2017-жылы Кыргызстандагы сөз эркиндиги катаал сыноого туш болгонун бул уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон Азаттык" радиосу менен болгон маегинде белгиледи.

Уильямсон: 2017-жылы Кыргызстанда бир катар жылыштар болду. Шайлоо өтүп, жаңы шайланган президент Жээнбековго бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилди. Шайлоо жараянын тынчсыздандырганы менен жалпысынан алганда жакшы жакка өзгөрүүнү көрдүк.

Былтыр апрель айында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам күчүнө кирди. Бул дагы жакшы кадам. Ошондой эле бир катар көңүл өйүгөн иштер да катталды. Мурдагы президент Атамбаев маалымат каражаттарына каршы чара көрүп, сотко арызданып, журналисттерге доо койду. Докладда бул маселе өзгөчө белгиленди.

Биз ошондой эле абак жайларындагы кыйноого да көңүл бурдук, мындай фактылардын жайылышы келишкис нерсе. Улуттар Уюму кыргыз бийлигинен эркиндикке чыгарууну өтүнсө да укук коргоочу Азимжан Аскаров дагы эле абакта жатат.

"Азаттык": Жогоруда сиз белгилеген маселелердин бири – маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча сурайын деп турам. Жакында эле экс-президенттин өкүлү "журналисттерге коюлган миллиондогон сом доону өндүрүп бергиле" деп сотко кайрылды. Бул жөнүндө кабарыңар болсо керек?

Уильямсон: Ооба, бул тууралуу биз жакшы кабардарбыз. Былтыр “Заноза” медиа ишканасына, журналисттерге жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы прокурор, президенттин юрист-кеңешчилери "Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко арызданышты. "Хьюман Райтс Вотчтун" жана дагы башка укук коргоочу уюмдардын талдоосу мындай доо коюуга эч кандай негиз жок экенин көрсөттү.

Журналисттер менен укук коргоочунун президентке айткандары, жазгандары Кыргызстандын мыйзамдарын бузбайт. Андыктан президенттин ар-намысын коргогон соттук иштер жокко чыгарылышы керек эле. Жүз миңдеген акчалай доодон кийин журналисттер менен укук коргоочу сотко арызданганына карабай, сот аларды төлөөгө милдеттендирди.

Биз буга өтө тынчсызданып турабыз. Кыргызстан эл аралык коомчулукка өлкөдө медиа каражаттарына чектөө коюлуп жатканы жагынан жаман жол көрсөттү.

"Азаттык": Миллиондогон сомдук доого жыгылган журналисттер менен укук коргоочунун маселеси боюнча эл аралык коомчулук кыргыз бийлигине таасир эте алабы, ошондой каражаттар колдонулабы?

Уильямсон: Улуттар Уюмунун атайын механизмдери бар. Бул уюмдун атайын өкүлү Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоп, билдирүү тараткан. Ал кыргыз бийлигин "президенттин ар-намысына шек келтирген" деген сот иштеринен баш тартууга үндөгөн. Тилекке каршы, кыргыз өкмөтү аны аткаруудан баш тартты. Кыргызстан Улуттар Уюмунун адам укуктары жөнүндө, анын ичинде маалымат каражаттарын коргоо боюнча келишимдерин өз эрки менен аткарууга милдеттенме алган.

Ушул тапта Европа Биримдиги Кыргызстан менен жогорку деңгээлдеги өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимди макулдашып жатат. Кыргызстан Европа Биримдигинин сунушун кабыл алып, Еврошаркет менен тыгыз алака түзүш үчүн журналисттерге коюлган доолор жокко чыгарылышы керек.

Кыргызстанда салыштырмалуу сөз эркиндиги өкүм сүргөндүктөн, башка өлкөлөр, алардын журналисттери, укук коргоочулары жакшы мисал катары көрсөтүп келишкен. Тескерисинче, былтыркы соттук доолордон улам Кыргызстан бул багытта артка кетти. Европа Биримдиги, Кошмо Штаттар үчүн Кыргызстан эркин медиасы бар өлкө деген макамга ээ болчу. Кыргыз бийлиги болсо ал макамды сактап калышы керек эле, тескерисинче, ушул тапта өлкөнүн беделине доо кетип жатпайбы.

Бул өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө да залакасын тийгизет.

Инвестиция тартуу, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык институттардын көмөгү азайышы мүмкүн. Анткени алардын бардыгы тең өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык коомдун өнүгүшүнө, демократиялуу башкарууга жакындан көз салып турушат. Маалымат каражаттарынын эркиндигин чектөө Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң кедергисин тийгизет.

"Азаттык": 2017-жылы бир катар менчик телеканалдар, радио жабылды. Маселен, “Сентябрь” телеканалы соттун чечими менен жабылса, НТС каналынын мүлкү талашка түштү.

Уильямсон: 2017-жыл Кыргызстандын соңку тарыхында сөз эркиндиги чектелип, медиа уюмдардын жабылышы жана аларга каршы укуктук механизмдер колдонулганы жагынан катаал жыл болуп калды. Ошондой эле чет өлкөлүк журналист өлкөгө киргизилген жок. “Франс-Пресс” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтондун Кыргызстанга киришине тыюу салынды. Бул эмне деген жорук? Эмне үчүн Кыргызстан эл аралык журналисттин өлкөгө келишине уруксат бербей жатат?

"Хьюман Райтс Вотч" уюмунун иликтөөчүсү Мира Риттманн да Кыргызстанга киргизилген жок. Дагы эки эл аралык укук коргоочу уюмдун өкүлдөрү кире албай алышты. Бул өлкөнүн эл аралык аброю үчүн кантип жакшы болсун?

"Азаттык": Жергиликтүү укук коргоочулар ушул тапта 20га чукул саясий ишмерлер, бийликке сын айткан адамдар абакта отурганын айтып, кыргыз бийлигинен алардын сот ишин калыс карап, экриндикке чыгарууну талап кылып келатышат. Алардын арасында парламенттин мүчөлөрү, мурда мамлекеттик жогорку кызматты аркалагандар бар. Бул иштерге эл аралык уюмдар көз салып жатабы?

Уильямсон: Оппозициялык саясатчылардын жоон тобу абакта отурганына, албетте, тынчсызданып турабыз. Сот процесси кандай жүрүп жатканына жана аларга эмне айыптар тагылганына, ага толук негиз барбы же жокпу - биз көз салып жатабыз. Алар кармалганда мыйзам бузуу болгон жокпу, адвокат жалдоого мүмкүнчүлүк берилдиби, сот процесси калыс жана бекитилген эрежелерге ылайык жүргүзүлүп жатабы – биздин көз алдыбызда.

Тилекке каршы, Кыргызстандын тарыхы өзү көрсөткөндөй, бул өлкөдө сот адилеттиги сакталбайт. Айрыкча 2010-жылкы июнь окуясынан кийин көп кишилер соттордун адилетсиз чечимине дуушар болушту. Саясатчылардын сот иштери эмне болуп жатканынан биз жакшы кабардарбыз. Тилекке каршы, бийликтин каршылаштары негизсиз же толук далилденбеген кылмыш иштери менен абакка кесилип жатышат.

Биз бир нече апта мурда жаңы шайланган президент Жээнбековду мамлекет башына келиши менен куттуктап, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсызданганыбызды билдиргенбиз. Бул багыттагы жакшы иштерди белгилеп, аны менен катар сөз эркиндиги чектелип, жарандык укуктар бузулуп жатканына токтолгонбуз.

Адам укуктарынын абалын жакшыртуу, 2017-жылы Атамбаевдин тушундагы кемчиликтерди оңдоо жана тышкы дүйнөгө Кыргызстан адам укуктарын урматтаган мамлекет экенин көрсөтүү зарыл. Ал үчүн өлкөгө кире албай калгандарды чакырып, алар менен чогуу иштешип, мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, башкарууну жакшыртууда Жээнбековдун алдында “мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси” ачылып турганын баса белгилегенбиз.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...