Акыркы макалалар

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жөнүндө тасма тартышат

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жөнүндө тасма тартышат

Кыргызстандын киноматографисттери жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тууралуу даректүү-оюн тасма тартышат. Ал “Айтматов дүйнөсү. Айтматовсуз дүйнө ” деп аталат.

Тасманын сценарийин адабиятчы Абибилла Пазылов композитор, публицист Түгөлбай Казаков жана эл артисти Бакыт Карагулов менен биргеликте жазган. Маалыматка ылайык, акыркы варианты картинаны койо турган режиссер-коюучу тарабынан бекитилген.

Долбоорду жазуучунун баласы коомдук ишмер Аскар Айтматов жетектеп турат.

Авторлору жана координаторлору ошондой эле долбоорго атамекендик жана чет элдик меценаттарды тартууну пландап жатышат.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Кыргызстанда жазуучунун 90-жылдык мааракесин белгилейт. Андан тышкары, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...