Акыркы макалалар

20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

20-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, Чуй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4..1 градус, күндүз 3...8 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облустунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз 2...-7 градус суук болот.

Бишкек шаарында жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5 градус суук, күндүз 5...7 градуска жылыйт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...