Акыркы макалалар

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту


Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн, мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган конкурс Астана шаарында 4-7-январь күндөрү өтүп, ага Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Шохжахон Маманазаров менен орус эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Шайырбек Абдурашит уулу катышып келген.

Жыйынтыгында студенттер конкурстун үч сыйлыгын багындырып келишкен. Студенттердин бири инструменталдык жанрда домрада ойноп 1-орунду, бири аккордеондо 1-орунду багындырышса, домра жана аккордеондо дует аткарышып 1-орунду ээлешкен.

Айтмамат Кадырбаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, маданият жаатындагы алгачкы ийгилик экенин билдирди.

“Бир нече өлкөлөрдүн музыканттарын артка калтырып, шаарыбыздын, мамлекетибиздин намысына жарадыңыздар. Бул жеңиш силердин, мугалимидердин, ата-энелердин эмгегинин үзүрү, шаарыбыздын сыймыгы. Мындан ары да чоң ийгиликтерге жетише бергиле. Ош шаарынын мэриясы силерди ар тараптан колдоого даяр”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана мугалимдерине шаар жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...