Акыркы макалалар

Венгрияга гранттык окуу орундарына кабыл алуу башталды

Венгрияга гранттык окуу орундарына кабыл алуу башталды

Эл аралык кызматташтыктын алкагында Венгрия өлкөсүнөн билим алууга Кыргызстанга быйыл да 25 бюджеттик орун бөлүнүп берилди. Алардын ичинен 10 орун бакалавр, 10 орун магистратура жана бешөө докторантура боюнча. Студенттерди тандоо ачык өтөт.

Венгрияда билим алууга гранттык орундар үчүн кабыл алуу башталды. Венгерия тараптын талабы боюнча окууну каалагандар документтерин онлайн тапшырышы керек. Быйыл да 25 бюджеттик орун бөлүнүп берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси Айзада Апышева «Марал» радиосуна билдирди. Учурда окууга өтүү боюнча бир канча документ министрликтин сайтына жайгаштырылды. Студенттерди тандоо ачык конкурстук негизде өтөт. Каалоочулар сынактын өтүүсүнө күбө катары катыша алат.

—Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде Венгрия тараптан 25 орун бөлүнүп берилди. Анын ичинде 10 орун бакалавр, 10 орун магистратура, дагы 5 орун докторантурага деп эсептелди. Конкурстук тестирлөө ачык өтөт. Жыйынтыктары ошол эле күнү чыгат жана министрликтин сайтына жарыяланат. Бул жерде жашыруун эч нерсе болбойт. Буга күмөн санагандар болсо, тестирлөөгө күбө болууга уруксат берилет.

Венгрия бөлгөн гранттык орундардын калыс эмес бөлүштүрүлгөнү боюнча маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев көтөрүп чыккан. Анда эл өкүлү Венгрия өлкөсүнө окууга өтүү үчүн берилген гранттык орундарга документ тапшырган балдардын бир нечеси ар кандай себептер менен өтпөй калып, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын уул-кыздары гранттык орундарга отуруп калганын мисал келтирген.

Жыйынтыгында айрым чиновниктердин балдары окуудан баш тарткан. Быйыл ошол эле депутат жана министрлер бекер окуулардан карманып калганын Жанар Акаев токтолду. Эми сынактардын ачык өтүүсүнө коомчулук тараптан толук көзөмөл жүргүзүлүшү керек дейт.

—Быйыл депутаттар, министрлер жана анын орун басарлары чет өлкөдөгү окуу жайлардын гранттык орундарына жакындарын жиберүүдө карманып калышты. Жиберүүгө болбойт экенин, уят болуп элдин алдында жооп бере албай калаарын билип турушат. Эми алардын уул-кыздары акылдуу болсо, албетте биздин эч кандай каршылыгыбыз жок. Бирок алардын балдарынын контрактарын төлөп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми элдин арасында билими күчтүү, бирок каражаты жок балдар бар. Биздин максат ошол балдар дагы окусун деген тилек болгон. Эми экинчиси маселе, конкурстун булактарын ачык айрым кылууну талап кылышыбыз керек.

Мындан башка өкмөттөр аралык келишимдер аркылуу гранттык орундар Белоруссия, Орусия, Казакстан жана Кытай тараптан берилет. Жыл сайын Белоруссия 5 орун, Казакстан 5 орун, Орусия 364, Түркия дагы элчиликтин чечими менен бир канча студентке орун берет. Ал эми Кытай 23 гранттык орун берип келет.

Буга кошумча жер шарындагы студенттер үчүн гранттык орундар бар. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндөгү программаларга дагы катышса болот. Кыргызстанга эң көп тарап жатканы Кытайдагы программалар. Бүгүн Кытайга бекер окуу деген билдирүүлөр таратылып жатат. Бирок мында дагы студенттер көңүл бура турган негизги жагдайларды Кыргызстандан студенттерди чет өлкөгө окууга жөнөтүү менен алектенген жарандык активист Нурсултан Кубанов журналисттерге бөлүштү.

—Кытайга барып окуйм деген студентке эң керектүү маалыматты айтып коюшум керек. Ал жакта билим алам деген студент 202 жана 201 деген формаларды толтурат. Бул жерде экөөнүн айрымасына өтө маани бериши керек. Анткени стипендия алып же албай турганы ушул жерден белгилүү болот. Анткени 201 номурлуу чакырууда стипендиясы ичинде болот. Ал эми 202 деп турган болсо, анда стипендия камтылган эмес.

Кыргызстан жылына чет өлкөлүк окуу жайлар менен келишимдин негизинде миңге жакын гранттык негизде орун алат. Серепчилер гранттык негизде бөлүнгөн орундар жөнүндө маалымат ачык эместигин айтып, чет жакка окууга бара жаткандардан күмөн санашат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...