Акыркы макалалар

Туңгуч агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына карата кеңеш өтөт


Туңгуч агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына карата кеңеш өтөт

Улуттук илимдер академиясында 18-январь күнү кыргыздын туңгуч агартуучуларынын бири Базаркул Данияровдун 120 жылдыгын өткөрүү боюнча кереге кеңеш уюштурулат. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Кереге кеңеш “Кыргызстандагы билим берүү башатында: Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгү” деген аталышта өтөт.

Бул маанилүү жыйынга ХХ кылымдын 20–30-жылдарындагы Кыргызстандын коомдук-саясий жана агартуучулук тарыхын изилдеген тарыхчы-адистер, адабиятчылар, илимий жана чыгармачыл интеллигенция, журналисттер, көрүнүктүү агартуучу Базаркул Данияровдун туугандарынын катышуусу күтүлөт.

Кереге-кеңешти Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту, “Мурас” фонду, Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...