Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө ак кууну аткандар кармалды


Ысык-Көлдө ак кууну аткандар кармалды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ак кууну аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин ушул райондогу өкүлү, токойчу Марат Токтогулов билдирди.

Токтогуловдун айтымында, анын шериги Марат Шаршеев экөөнө "талаада белгисиз бирөөлөр аңчылык кылып жүрөт" деген кабар келип түшкөн. Текшерүүгө барган учурда мылтык көтөрүп жүргөн бир топ балдар токойчуларды көрүп качып жөнөшкөн. Токойчулар аларды кууп барып кармаган. Ок атылган жерлерди текшерген учурда жараланган ак куу табылган:

- Ак куу негизи ак болот да. Балапандары болсо үч жашка чейин күрөң болот экен. Ошого булар "биз каз экен деп ойлоп, билбей атып алыппыз" деп жатышат. "Ак куу экенин билгенде атпайт элек" дейт. Бирок ошого карабай биз аларга протокол түзүп, 25 миң сом айыппул салдык, - деди Токтогулов.

Ал эми жараланган ак куу Каракол шаарындагы “Бугу эне” коомдук фондуна өткөрүлүп берилген. Анда иштегендер кушту рентгенден өткөрүп, омурткасы сынып кеткенин аныкташкан. Андан ары дарылаш үчүн Бишкекке алып келишкенде ак куу өлүп калган.

Буга чейин NABU уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү да борбор шаардын жакасында ок жеген ак куу табылганын кабарлаган. Ветеринарлар кушту текшерип, дарылашкандан кийин кайра талаага кое беришкен.

Ак куу Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, аны атууга тыюу салынат. Ысык-Көл облусунда 400дөн 700гө чейин ак куу кыштай тургандыгы айтылат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...