Акыркы макалалар

Батыралиев: Мен мындан көп сын айтылса да иштейм


Батыралиев: Мен мындан көп сын айтылса да иштейм

Медицина тармагында топтогон тажрыйбамды колдонуунун убагы келди. Мен мындан көп сын айтылса да иштейм. Коркунучка карабастан элибиздин купулуна толгон системаны орнотууга даярмын. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Министр: «Тилектеримдин 70 пайызынан көбү ишке ашты. Сын конструктивдүү болсун. Каралоо системасын жамынып алып сындагандарга сынуунун кереги жок. Мени жөн эле жүрөт дегендер кылынып жаткан иштерди карашсын. Ал эми кадр маселесинде мыйзам бузуу болду дегендер болсо сотко беришсин», — дейт.

Батыралиевдин баамында, коомдук колдоосуз медицина өнүкпөйт. Саламаттыкты сактоо тармагында кабыл алынган реформалар дароо мөмөсүн бербеши мүмкүн. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртыш керек. Алсак, азыр айрым врачтар өзүдөрү да чет өлкөдөн дарыланат.

Мындан сырткары, министр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жетишээрлик көңүл бурулбай жатканын моюнга алат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...