Акыркы макалалар

Мигранттардын пенсия алуу маселеси чечиле элек

Мигранттардын пенсия алуу маселеси чечиле элек

Орусияда эмгектенген мигранттардын пенсия алуусу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтуусунда, эгер башка мамлекетте эмгектенген мигрант эмгек стажы, эмгек китепчеси жок болуп, социалдык төлөмдөрдү төкпөсө пенсияга чыга албайт.

“Учурда Орусия менен бул багытта сүйлөшүп жатабыз. Бирок маселе бар, анткени Орусия тарап буга чейин мигранттардын социалдык төгүмдөрүн берүүгө каршы пикир берген. Мен ойлойм, келечекте эки өлкөнүн президенттери жолуккан учурда бул маселе көтөрүлөт”, — деди Теңизбаев.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Корея менен келишим түзүлүп, банк, почта ишканалары аркылуу кыргыз жарандары социалдык төгүмдөрүн ала алышат.

Мигранттар жылына өлкөгө 2 миллиард доллар каражат которушат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...