Акыркы макалалар

Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүүдө «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркы төмөндөйт

Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүүдө «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркы төмөндөйт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча «AirManas», «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана «Бишкек-Ош» унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат.

Белгилесек, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

«Республикабыздын жаратылыштык-климаттык жана географиялык шарттарын эске алуу менен кыш мезгилинде «Бишкек-Ош» жолу боюнча унаа транспортунун каттамы өтө кооптуу эсептелет. Аталган трассада кышкысын жол кырсыктарынын саны бир топ жогорулайт. Жарандардын катаал аба-ырайында Бишкек шаарынан Ошко тез жана коопсуз жетүүсүн жана артка кайтуусун камсыз кылуу үчүн «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин баасын төмөндөтүү боюнча авиакомпаниялар менен макулдашуулар жүрдү. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн чечилиши зарыл абдан манилүү маселе болгон. Аны менен катар «Бишкек-Ош» автожолунун стратегиялык маанисин жана андагы тынымсыз жол кыймылынын камсыздалышын эске алуу менен мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык тийиштүү күчтөрү мобилизацияланды», - деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...