Акыркы макалалар

«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизилди


«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ««Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар Кыргыз Республикасынын башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык укукка ээ.

Мындан тышкары жаңы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде жарактуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...