Акыркы макалалар

Сотто Салянованын оорусу далилденди


Сотто Салянованын оорусу далилденди

Бишкек шаардык соту парламент депутаты, мурдагы башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри "Аида Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатышы керек" деген дарыгерлердин бүтүмүнө ишенбей, өз алдынча иликтөө жүргүздү. Комиссия эл өкүлүнүн ооруп жатканын ырастады.

Адвокаттар сотко "тиешелүү документтер көрсөтүлгөнүнө карабай, тез арада шашылыш чечим чыгаруу аракети көрүлүп жатат" деп нааразы. Ал эми сот тескерисинче "айыпталуучу тарап ишти атайлап создуктуруп жатат" деген жүйө келтирүүдө. Депутатка "жүрөк кемтигинен жабыркайт" деген диагноз былтыр декабрдын этегинде коюлган. Ошондон бери Салянова соттук териштирүүгө келе элек.

Бишкек шаардык сотунун тапшырмасы менен Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталып жаткан депутат Аида Саляновага коюлган диагноздун чын-төгүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия текшерип чыгып, анын чын эле бейтап экенин ырастады. Министрликтин өкүлү, комиссиянын жетекчиси Нургүл Ибраева маалымдагандай, үч дарыгерден турган топтун катышуусунда эл өкүлү эхокардиографиядан өткөрүлгөн: ​

- Бишкек шаардык сотунун талабы боюнча ооруканага барып, Салянованын диагнозун текшердик. Комиссия "Аида Салянова оорусуна байланыштуу бейтапканага жаткырылганы чын, негиздүү, анын дартка кабылганы анык" деген чечимге келди.

11-январдагы жараянда актоочу тарап Салянованын саламаттыгына байланыштуу ишти убактылуу токтото турууну өтүнүп, бирок ал канааттандырылган эмес. Ишти караган соттук коллегиянын башчысы, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова дарыгерлердин маалымкатынан күмөн санап, депутат мажбурлап алынып келиниши мүмкүн экенин айткан. Андан кийин прокурорлор Аида Салянова көрүнүп жаткан Чүй облустук ооруканасына барып, берилген маалымкаттын чын-бышыгы тууралуу дарыгерлер менен сүйлөшкөн. Сотто депутатты дарылаган медицина кызматкери да "ал жатып дарыланууга муктаж" деп билдирген. Бирок адвокат Чынара Жакупбекова бул айтылгандарга карабай судья териштирүүнү 15-январга белгилеп, Салянова ага келе албаганын билдирди:

- 15-январда мен өтүнүч келтиргичекти эле "кийинки жараян 18-январда, саат 14.00дө болот" деп белгилеп койду. Салянова ага келе алабы-жокпу белгисиз. Ал азыр ооруп жатат. Ооруган кишинин сотун эч качан минтип эки күнгө жылдырбайт да. Мыйзамда "стационардык багытта дарыланып жатканда иш токтотулуп турушу керек" деген берене бар. Ага карабай, атайлап бир-эки күнгө жылдырып атпайбы.

Аида Салянованын тарапкерлери судьялардын соңку кадамдарын "тез арада чечим чыгаруу" аракети катары сыпаттап жатышат. Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси, жарандык активист Рита Карасартова Саляновага каршы козголгон кылмыш ишинин артында саясат турат деген пикирде:

- Жөнөкөй кишилер менен аткаминерлердин иши бирдей каралса, "соттун иши ушундай" деп айтмакпыз. Азыр карапайым жарандардын иши создуктурулуп жатпайбы. Айрым учурда бир эле жараянда чечилчү иштер эки жылга чейин созулуп атат. Чечим колдо турса деле кайра экспертизага берген учурларды да көрүп жатабыз. Салянованын сотунда шашып, "кандай болсо да батыраак чечим чыгара калалы" деп атышканынан улам сотторго административдик басым болуп жатканы көрүнүп турат. Бир чети "сотторго кысым бар" деп деле айткым келбейт. Азыр соттор жогору жактан телефон чалган киши болбосо деле: "Эмне кылалы, кандай чечим чыгаралы?" деп өздөрү сураганга даяр. Аида Салянова боюнча жараяндардын бирине мониторинг жүргүзүш үчүн барган кезде адвокаттар "саат 6 болду, кете берели" десе да кетирбей, 8ге чейин кармап отурду. Бийлик лицензияны узартуу боюнча болбогон ишти таап алып, сотту тынымсыз өткөрүп, "ооруп калдым" десе ооруканага чейин барып текшерип, тезинен чечим чыгарууга умтулуп жатканы - адам укуктарын одоно бузуу, буйрукту шашып аткаруу аракетинен кабар берүүдө.

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков болсо Аида Саляновага саясий негизде кылмыш иши козголду деп айткандар менен макул эмес. Ал кылмыш иш козголгон саясатчылар, аткаминерлер арасында ар кандай ооруну шылтоо кылып, сот жообунан качуу аракети Кыргызстанда көндүм адатка айланып калганын белгиледи:

- "Эки-үч күндө өлүп калат" деген Батукаев деле, (ред.: Азиз Батукаев) "рак болдум, башка болдум" дегендер деле жүрөт. Абакка же сотко түшүп калса эле баары ооруп калат. Мен эми "ооруйт" же "оорубайт" деп айта албайм. Бирок "бул иштин артында бийлик турат" дегенге эч кандай жүйө көрбөй турам. Салянова бийликке эмне кыла алмак эле? Эмне үчүн бийлик бул ишке киришиши керек? Бийликтин эч бир кызыкчылыгын көргөн жокмун. Салянова тарыхтан кеткен саясатчы, саясий банкрот да. Азыр соттор өз ишин улантып жатат, аларга ишенишибиз керек. Кандай чечим чыгарарын күтүп туралы.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Салянованын ишин караган соттордун аракетин сынга алды. Анын пикиринде, эгер судья кайсы бир документтин тууралыгынан шектенсе, аны коркутуп-үркүтүп, опузалоо жолу менен эмес, маданияттуу түрдө деле текшерип койсо болмок.

- Ооруп жатканы тууралуу медициналык мекемелерден документ көрсөтүлгөн болсо, аны эске алыш керек болчу. Ал документтин тууралыгы, чындыгы шек жаратса - ал башка маселе. Мындай болгон учурда аны кайра текшерткенге соттун акысы бар. Бирок чын-төгүнүн билбей туруп, "мажбурлап алып келебиз, баш коргоо чарасын өзгөртөбүз" деп сот жыйынынан расмий коркутуп-үркүтүү туура эмес. Ал нерсе соттук этикага да, мыйзамга да жатпайт. Шектенүү болсо документти текшерип, "ооруганы чынбы, диагнозу эмне, сотко келүүгө тоскоолдук барбы же жокпу" деген суроолорду айыпталуучуну караган дарыгерлерден сураса болот. Муну жөнөкөй, маданияттуу жол менен аныкташы керек эле. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп жатабыз. Судья Воронцованын "эгер түшкө чейин келбесе, күчтөп алып келебиз же баш коргоо чарасын камакка алууга өзгөртөбүз" деп айткандарын окудук. "Оору же башка нерсе болбойт" деп эч ким кепилдик бере албайт. Аны түшүнсө болот. Оорусу чын болушу мүмкүн. Олуттуу оору менен, мисалы, жүрөк дарты менен бейтапканага жатып калса, аны эмнеге дартына карабай соттош керекпи? Күтүп туруп, сакайганда деле караса болот да.

Аида Саляновага карата кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...