Акыркы макалалар

Диний ишмердин «байлыгына» кызыгышты

Диний ишмердин «байлыгына» кызыгышты

Фото: Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов

Жазуучу Олжобай Шакир өзү негиздеген «РухЭш» сайтына диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун мүлктөрүнө байланышкан макаланы чыгарды.

Олжобай Шакирдин эки жылдык «эмгеги»…

«РухЭш» сайтына жарыяланган маалыматта Бишкектин Көк-Жар аймагында Абдышүкүр Нарматовго таандык делинип жаткан бир нече хан сарайдын сүрөттөрү жарыяланган. Анда «аз эмес аянт жерге үч-төрт кабаттан турган имараттар курулуп, алар жеке Нарматовго гана таандык экени айтылып жаткандыктан чын төгүнүн өз оозуңуздан угалы» деп жазылат. Ошондой эле «имараттар диний окуу жай үчүнбү же башка максатта курулганбы?» деген суроолор коюлган. «РухЭш» сайтынын жетекчиси, жазуучу Олжобай Шакир жарыяланган маалыматтар аз эмес убакытта чогултулганын айтат.

— Мен бул маалыматты эки жыл топтодум. Себеби мындай дүң болчу жаңылыктын чоң жоопкерчилиги бар да. Ошондуктан ат үстүнөн эле жасалган мамиле эмес. Мен ошол жерден (ред: Абдышүкүр Нарматовдун үйү жайгашкан аймак) далай ирет каттадым. Көк-Жар айылында көп курулуш иштери болуп жаткандыктан ал жердеги усталардан сураштырдым. Абдышүкүрдүн үйүнө ким кирип чыгат, аны дагы байкап жүрдүм. Мен иликтеген иш ушундай болду.

Автор макаладагы маалыматтын баарын «Угарман Маамыт», «Көрөрман Маамыт», «Жер тыңшаар Маамыттары» топтогонун, азыр да маалыматтарды чогултуп жатканын жазат. Материалдын темасында Абдышүкүр Нарматовго бул байлыкты мүмкүн арабтар бергени туюнтулган.

Таштанбаев макаланы «чагым» деп атады

Диний ишмер Нарматов «РухЭш» сайтына жарыяланып, интернетке таратылып жаткан маалыматка комментарий берүүнү туура көргөн жок. Нарматовдун жардамчысы Эрназар Таштанбаев Олжобай Шакирге жооп катары фейсбукка буларды жазды.

— Мен сизге чекесин гана айтып коёюн, мүмкүн «Маамыттарыңыз» андан ары изилдеп, көрүп, билип алышаар. Устаздын өзүнө тиешелүү соода, дыйканчылык иштери бар. Кудайга шүгүр, сизчилеп, арабтын да, кыргыздын да чөнтөгүнө көз артпайт. «Эр эмгегин жер жебейт» деген накыл бар, устаз жылына тапканынан студенттерге жана башка муктаждарга зекетин берип келет. Мындай иштер кылынып жатканда сиздин «Маамыттарыңыз» дагы бирөөнүн короосун аңдып кеткен өңдөнөт, ал жөнүндө ооз ачышпаптыр.

Таштанбаев «РухЭшке» жарыяланган сүрөттөрдөгү үйлөрдүн бирөө гана Абдышүкүр Нарматовго тиешелүү экенин, дагы бир жердин жарымы кошунасыныкы экенин, жаңы салынган имарат кайсы бир фонд тарабынан студенттерге курулуп жаткан жатакана болгонун жазды. Ошондой эле «Кошунасынын чоң үйүн кошуп сүрөткө тартып, аны Нарматовдун үйлөрү деп айтуу, чагымчылдык», — деп баалаган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев «Абдышүкүр Нарматовдун дыйканчылык менен алектенээрин билем», — дейт.

— Нарматовдун жардамчысы «ал кишинин (ред: Нарматовдун) бизнеси бар» деп жазыптыр. Бизнеси болсо болгондур эми. Диний ишмерлерге бизнес кылууга тыюу салынган эмес. Нарматов мага «Орусияда картошка айдайм» деп өзү айткан. «Аны вагон менен алып келдим» деп бизге дагы эки кап картошка берип жибериптир. Мен анан бул «Үшүрбү же эмне? Мага үшүр алганга болбойт. Айлык алган кызматкермин» деп айткам. «Жок аке бул үшүр эмес. Жөн эле ооз тийип коюуңуздар. Быйыл түшүм жакшы болду» деген эле.

«Арабтардан акча алгандар бар»

Олжобай Шакир андан тышкары Абдышүкүр Нарматовдун кымбат баалуу автоунаасы бар экенин да кошуп кеткен. Жазуучу аталган маалыматтарды социалдык тармактарга дембе-дем бөлүшүп, ал интернет колдонуучуларын эки жаат кылып айтыштырып жатат. Ушундан улам диний ишмерлердин каржы булагына байланышкан маселе көтөрүлдү. Айрымдар дин аалымдары Ислам өлкөлөрүнөн каржылык колдоо алып турат деп айтышууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков талкууланып жаткан маселе боюнча буларга токтолду.

— «Мен 20-30 баланы медреседе окутуп жатам» деп булар (ред: диний ишмерлер) көрүнгөн жерден акча алышат. Ошол эле арабтардан, Пакистандан, Бангладеш, ирандыктардан. Мына ошону биз жөнгө сала турган мезгил келди. Биз иштеп жүргөндө мындай ачыкка чыккандар аз болчу. Эгер мамлекетте саясий эрк болсо диний окуу жайларында кандай сабак берилип жатат, программалары кандай көзөмөл кылыш керек.

«Диний ишмерлер бай жашаса болбойбу?»

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-январда Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алган. Анда өлкөдөгү диний саясат жана салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү маселеси талкууланган эле. Кыргызстанда акыркы учурларда дин маселесине байланышкан талкуулар, маал-маалы менен кайталанып жатат. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Тазабек Икрамов диний ишмерлердин мүлкүнө байланышкан маселеленин көтөрүлүшүн сынга алды.

— Мамлекеттик кызматта, Салык кызматында же Бажыда иштеп жатып өлкөнүн казынасына кол салгандарды текшербей, мамлекетке кол салбаган диний аалымдарды көзөмөлдөш керекпи? Алар жакшы машина айдаганга, жакшы үй салганга болбойбу? Аалымдарга бир гана араптар эмес, кыргыздын жарандары, кыргыздын жигиттери дагы жардам берет. Элибизге адеп-ахлакты үйрөтүп жаткан аалымдарды каралоого мен каршымын.

Диний аалым Абдышүкүр ажы Нарматов Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы, Ислам университетинин ректору жана Дүйнөлүк Аалымдар кеңешинин мүчөсү.

Ал эми «РухЭш» сайтына негизинен адабий чыгармалар жарыяланып келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...